Акылбек Жапаров Кыргызстандын финансы секторун өнүктүрүүнүн үч факторун атады

Акылбек Жапаров Кыргызстандын финансы секторун өнүктүрүүнүн үч факторун атады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек эл аралык финансы форумунда (BIFF 2023) Кыргызстандын финансы секторун өнүктүрүү саясатын жүргүзүүгө мүмкүндүк берген негизги үч факторду атады.

Анын айтымында, мындай негизги факторлордун бири – калктын жогорку ишенимине ээ болгон өзүнүн улуттук валютасы – кыргыз сомунун болушу.

«Мындай экинчи фактор өлкөдө өз алдынча жүргүзүлүп жаткан фискалдык жана акча-кредит саясаты. Үчүнчү фактор – бул ички төлөмдөрдү жана транзакцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген Элкарт улуттук төлөм системасынын болушу», - деди Жапаров.

Жапаров кошумчалагандай, банк сектору финансы рыногун өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев менен Антье Граве экономикалык өнүгүүнү талкуулашты

Бакыт Төрөбаев менен Антье Граве экономикалык өнүгүүнү талкуулашты

23-июнда "Ынтымак Ордо" имаратында президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы учурдагы социалдык-экономикалык абалды жана 2023–2027-жылдарга карата туруктуу өнүгүү боюнча БУУ тутумунун

Илон Маск 118 млрд $ жоготуп, триллионерлер катарынан чыкты

Илон Маск 118 млрд $ жоготуп, триллионерлер катарынан чыкты

Америкалык ишкер, Илон Маск акыркы өзгөрүүлөрдөн улам 118 миллиард $ жоготуп, дүйнөдөгү триллионерлердин катарынан чыкты. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги бүгүн жарыялады. Маалыматка ылайык, Масктын байлыгы 11% кыскарып, 957 млрд $ чейин төмөндөгөн. Ошол эле учурда анын байлыгы жыл башынан бери 338 млрд долларга же 54,5 % көбөйгөн бойдон калууда. Масктын негизги активдери

Калинин – Степной жолуна асфальт төшөлүүдө

Калинин – Степной жолуна асфальт төшөлүүдө

Жайыл районундагы Калинин – Степной унаа жолунда асфальт төшөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери каралган. Учурда анын 2 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү. Бүгүнкү күндө курулуш иштери белгиленген графикке ылайык

Казакстандан келаткан 8,5 тонна коон артка жөнөтүлдү

Казакстандан келаткан 8,5 тонна коон артка жөнөтүлдү

Казакстандан келген 8,5 тонна коон Кыргызстандын аймагына киргизилбей, кайра артка жөнөтүлдү. Бул тууралуу Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, "Чалдыбар" фитосанитардык көзөмөл постунда жүк текшерилип жаткан учурда жөнөтүүчү менен кабыл алуучу тууралуу маалыматтардын дал келбестиги аныкталган. Бул жагдай Евразия экономикалык биримдигинин жана Кыргызстандын фитосанитардык