Кумтөрдөн 2.4 тонна алтыны сатылып кирешенин көлөмү $146.7 млн түздү

Кумтөрдөн 2.4 тонна алтыны сатылып кирешенин көлөмү $146.7 млн түздү
Photo by Jingming Pan / Unsplash

2023-жылдын I-чейрегинде Кумтөрдүн 2.4 тонна алтыны сатылды. Маалымат ишкананын отчетунда көрсөтүлгөн.

Такталгандай, 2023-жылдын I-чейрегинде 77 547 унция же 2 412 кг алтын сатылса, 2022-жылдын ушул эле маалында бул көрсөткүч 63 077 унция же 1 962 кг алтынды түзгөн.

Алтынды сатуудан түшкөн жалпы киреше $146.7 млн түзсө, 2022-жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч $119.9 млн түзгөн.

Эске салсак, «Кумтөр» кенинде өндүрүлгөн Доре куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык заводдо андан ары кайра иштетүү үчүн сатылып алынат. Аффинаждалган алтынды жана күмүштү КРда жана анын чегинен тышкары сатуу боюнча өзгөчө укукка «Кыргызалтын» гана ээ.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты

Азымбакиев Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директоруна ишеним грамоталарын тапшырды

Бишкекте 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду

Ак-Тилек конушунда 80 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Былтыр өлкөгө 1 млрд 310 млн доллар чет өлкөлүк инвестиция тартылган