акыркы жаңылыктар

Изилдөө: бизнес-компаниялардын кызматкерлеринин орточо айлык акысы 58 миң сомду түзөт

Бизнес

Изилдөө: бизнес-компаниялардын кызматкерлеринин орточо айлык акысы 58 миң сомду түзөт

2022-жылы 11 бизнес-компаниянын кызматкерлеринин орточо базалык айлык акысы 58.8 миң сомду түздү. Мындай маалыматты компаниялардагы эмгек акы рыногун изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде El Group Consulting берди. Изилдөөгө тоо-кен, финансы жана жалпы сектордогу ишканалар – «Альянс Алтын» ЖЧК, «КазМинералс Бозымчак» ЖЧК, «Хайленд Эксплорейшн» ЖЧК, «Финка Банк» ЖАК, «Компаньон Банк» ЖАК, «Демир Кыргыз

Чүй облусунда 150 млн долларга цемент завод курулат

Чүй облусунда 150 млн долларга цемент завод курулат

Кечээ, 6-сентябрда министрлер кабинети менен «Терек-Таш» ЖЧКсы жана «ЗЕНИТ Фирма» ЖЧК компанияларынын консорциуму ортосунда цемент заводун куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.  Бул инвестициялык макулдашууга Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, экинчи тараптан «Терек-Таш» ЖЧКсы жана «ЗЕНИТ Фирма» ЖЧКсынын консорциуму – Башкы директору Акыл Түгөлбаев кол

IFC «Демир Банк» аркылуу КРда чакан жана орто бизнести насыялоого 10 млн доллар бөлөт

Экономика

IFC «Демир Банк» аркылуу КРда чакан жана орто бизнести насыялоого 10 млн доллар бөлөт

Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАКсына 10 млн доллар өлчөмүндө сом менен насыя берет. Эки финансы институту тең келишимге кол койгонун КРдагы Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык кеңеши билдирди. Аталган каражат бизнесин өнүктүрүү үчүн насыя ала албай кыйналып келген чакан ишкерлерге берилет. «Демир Банк» түшкөн каражатты кичи

Бишкек - Сеул түз аба каттамы ачылат - ноябрда Бишкекке кореялык авиакомпаниянын өкүлү келет

Бишкек - Сеул түз аба каттамы ачылат - ноябрда Бишкекке кореялык авиакомпаниянын өкүлү келет

2023-жылы Бишкек менен Сеул ортосунда түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Ким Хо Сон билдирди. Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, каттамдар туристтик сезондо жумасына эки жолу аткарылат. Ал өз учурунда Кыргызстанга туристтердин агымын көбөйтүүгө шарт түзөт. “Кореялык туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу өсүүдө. Буга

Германиялык туристтерге Кыргызстанга поезд менен тур уюштурулду

Германиялык туристтерге Кыргызстанга поезд менен тур уюштурулду

Кыргызстанга Германиядан туристтер туристтик поезд менен келишти. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолунун” маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, 2022-жылдын август айында германиялык Lernidee Erlebnisreisеn GmbH туристтик компаниянын өкүлдөрү Германиядан келе турган коноктор үчүн Кыргызстандын ичиндеги темир жол аркылуу туристтик турга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен “Кыргыз темир жолу” УК МИге кайрылышкан. “Кыргыз

МСК 8 айда 31.9 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту - дагы 10 млрд чогултуш керек

МСК 8 айда 31.9 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту - дагы 10 млрд чогултуш керек

Салык кызматы 8 айда 31.9 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди. МСК январь-август айларында 31 млрд 952.9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бекитилген план 712.9 млн сомго же 2.3 %га ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 7 млрд

Энергетиктика тармагында 210 кызматкер жумуштан бошотулду - жылына 105.5 млн сомдон ашык каражат үнөмдөлөт

Энергетиктика тармагында 210 кызматкер жумуштан бошотулду - жылына 105.5 млн сомдон ашык каражат үнөмдөлөт

Кыргызстанда энергетика тармагын башкарууну реструктуризациялоо аяктады. Бүгүн, 6-сентябрда Энергетика министрлигинде реструктуризациянын жана жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгы чыгарылды. Ишканаларды кайрадан түзүү жана таандык кылуу жөнүндө чечимдер кабыл алынды. “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ошэлектро” жана “Жалалабатэлектро” энергетикалык ишканалары “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКга, ал эми “Бишкекжылуулуктармагы” ААК “Электр станциялары” ААКсына бириктирилди. Бул 1

Алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын төлөө боюнча Салык кызматынын талабы – мыйзамдуу

Саясат

Алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын төлөө боюнча Салык кызматынын талабы – мыйзамдуу

Мамлекеттик салык кызматы КРдагы Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору Дастан Иманалиевдин алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор тарабынан акциз салыгын төлөө маселеси боюнча билдирүүсүнө жооп берди. МСК алкоголсуз сергитүүчү суусундуктардын өндүрүлгөн же импорттолгон көлөмү үчүн акциз салыгын төлөө жана ал боюнча отчет берүү зарылдыгы жөнүндө салык органынын бардык аракеттери өлкөнүн салык

ЭӨА КРнын суу кызматтарын жакшыртууга 100 млн доллар берет - анын жарымы 38 жылдык кредит

Гранттар жана кредиттер

ЭӨА КРнын суу кызматтарын жакшыртууга 100 млн доллар берет - анын жарымы 38 жылдык кредит

Кечээ, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 19-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган

Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Ленин атындагы заводдун 62 га жерин сатууну уюштурган

Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Ленин атындагы заводдун 62 га жерин сатууну уюштурган

УКМКнын маалымат кызматы «Бишкек машина куруу заводу (БМЗ)» ААКнын (Ленин атындагы завод) мыйзамсыз ажыратылган жер тилкелерин сатуу фактысы боюнча Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кармалганын билдирди. УКМКнын маалыматына таянсак, прокуратура органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында Аскер

Дүйнөлүк банк КРнын энергетика тармагына 50 млн доллар берет, каражаттын жарымы - кредит

Гранттар жана кредиттер

Дүйнөлүк банк КРнын энергетика тармагына 50 млн доллар берет, каражаттын жарымы - кредит

Энергетика министрлиги “Электр энергетикасын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банк КРга 25 млн доллар өлчөмүндө гранттык жардам берерин билдирди. Министрлик ошондой эле Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) грант түрүндө кошумча 8 млн долларды тартуу маселесинин үстүндө иштеп жатат. Бүткүл дүйнөлүк банктын 25 млн долларлык каржылоосунун калган

Бишкекте тест форматындагы 5G тармагынын бет ачары болду

Бишкекте тест форматындагы 5G тармагынын бет ачары болду

Бишкекте тест форматындагы 5G тармагынын бет ачары болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, MegaCom мамлекеттик уюлдук оператору маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү акылдуу аппараттардын жана инфраструктуранын дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүсү – Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. менен биргеликте 5G сыноо аймагын ишке киргизди. КР Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов