Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз – президенттин маалыматтык саясат бөлүмү

Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз – президенттин маалыматтык саясат бөлүмү

Кыргызстан Жетим-Тоону 100% өзү иштетет. Бир пайызы дагы башка мамлекетке берилбейт. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасында жазып чыкты.

Анын айтымында, кенди иштете турган каржы дагы аныкталган, мамлекет темир завод куруп, жумушчулардын курамы дагы жергиликтүү элден алынат.

«Бир дагы чет өлкөлүк компания кирбейт. Жетим-Тоо кени, Кумтөрдөн дагы көп киреше алып келе турган долбоор. Учурда изилдөө иштери жүрүп жатат, бүтсө казуу иштери башталат», - деди Орунбеков.

Мындан тышкары окуңуз

"Ачык кабинет" долбоору: Эми министрлердин иши элге ачык көрсөтүлөт

"Ачык кабинет" долбоору: Эми министрлердин иши элге ачык көрсөтүлөт

Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" аттуу жаңы долбоорду ишке киргизет. Анын алкагында аткаруу бийлигинин негизги өкүлдөрү массалык маалымат каражаттары менен ачык форматта иш күндөрүн өткөрүшөт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 13-май күнү Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы

Сел жууп кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Сел жууп кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Жалал-Абад облусундагы селден улам Ак-Там айылындагы көпүрө жабыркаган. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Кербен - Ала-Бука - Чаткал унаа жолунун 23-8 чакырымында жайгашкан Ак-Там айылындагы Чанач-Сай жайлоосуна кетүүчү жолдогу эки тарабын сел жууп кеткен көпүрөнү бетон менен бекемдөө иштери аткарылууда. Азыркы тапта жеңил

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кош салык салуу жоюлат

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кош салык салуу жоюлат

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында “2025-жылдын 19-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун жана четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз

Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды

Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз футбол биримдигинин кезексиз конгресси өттү. Бул тууралуу Футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында уюмдун жаңы жетекчилигин жана аткаруучу комитеттин мүчөлөрү шайланды. КФБнын Уставына ылайык, президенттик кызматка жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги ачык добуш берүү аркылуу бир добуштан колдоого алынды. Ал эми аткаруучу комитеттин