Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда «Бедел» көзөмөл өткөрүү бекетин ачылышы мүмкүн

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда «Бедел» көзөмөл өткөрүү бекетин ачылышы мүмкүн

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда «Бедел» көзөмөл өткөрүү бекетин ачуу жана Сары-Жаз дарыясына гидроэлектростанция куруу маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту.

«Жакын арада Кытайга мамлекет башчысынын мамлекеттик сапары жана минкаб төрагасынын иш сапары болоору күтүлүүдө. Ошол себептүү биз болжолдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп алуубуз керек. Сапарлардын жыйынтыгында кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык деңгээлге жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлөт деп ишенем», – деди Төрөбаев.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты

Азымбакиев Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директоруна ишеним грамоталарын тапшырды

Бишкекте 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду

Ак-Тилек конушунда 80 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Былтыр өлкөгө 1 млрд 310 млн доллар чет өлкөлүк инвестиция тартылган