Экономика
ЕАЭБ эски унаалардан арылуу үчүн автотранспортко электрондук паспортторду киргизет
ЕАЭБ өлкөлөрү автоунааларга электрондук паспорт берүүгө өтүшөт. Бул тууралуу Sputnik агенттиги уюштурган «ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда продукциянын коопсуздугун камсыздоо» видеоконференциясында ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко билдирди. Назаренконун айтымында, электрондук паспорттун бирдиктүү формасына өтүү жарандарга биримдиктин башка өлкөсүнө автоунаа менен келип, ал жактан автоунаасын сатууга мүмкүнчүлүк берет. Анын айтымында, бирдиктүү