Айгерим Качкынбекова

Кыргызстанда орточо айлык 45 797 сомду түздү

Экономика

Кыргызстанда орточо айлык 45 797 сомду түздү

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 45 797 сомду түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таюнуу менен билдирди. Керектөө бааларынын индексин эске алганда, реалдуу эмгек акы

Манас – Багыш багытында 4 тилкелүү автожол курулууда

Транспорт

Манас – Багыш багытында 4 тилкелүү автожол курулууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы тарабынан Манас шаарынан Багыш айылына чейинки автожолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзгөн жол мурдагы темир жолдун ордуна салынууда. Учурда курулуш иштеринин алкагында эски темир жол конструкциялары алынууда. Ошондой эле жолдун негизин даярдоо

Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Саясат

Жогорку Кеңеште 90 депутаттын 31и аял: Кыргызстан дүйнөдө лидер

Жогорку Кеңеште аял депутаттардын саны 31ге жетип, бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев билдирди. Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун Парламенттер аралык бирлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан парламенттеги аялдардын үлүшү боюнча дүйнөлүк лидер деп табылган. Төрага белгилегендей, парламентте аялдардын өкүлчүлүгүн арттырууга өзгөчө көңүл бурулуп

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

Экономика

Кыргызстандын тышкы соодасы 1,1 млрд долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1,1 млрд АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,0%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына шилтеме берүү менен билдирди. Ошол эле учурда экспорт 20,3%га кыскарып, импорт 6,1%га көбөйдү.

Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды

Коом

Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы Токтогул жол тейлөө ишканасында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Анын жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, мекемеге доо коюлду. Маалыматка ылайык, ишкананын асфальт-бетон заводу 20 диаметрдеги суу түтүгү аркылуу

Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Коом

Бишкекте муниципалдык ижараны эми онлайн башкарууга болот

Бишкек шаарынын "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде жаңы "Муниципалдык менчик ижарасы" функциясы ишке киргизилгенин билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Жаңы функция ижарачылар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылып, мекемелерге баруу жана кагаз документтерди толтуруу зарылдыгын жоёт. Бул өз кезегинде убакытты үнөмдөөгө мүмкүндүк

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Экономика

Эки айда кызмат көрсөтүү тармагы 107,1% өсүштү камсыздады

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда социалдык-экономикалык өнүгүү туруктуу өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына таюнуу менен билдирди. Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүү тармагы ИДПнын түзүмүндө дээрлик 50% үлүштү ээлеп, экономиканын негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. Бул тармак экономикалык өсүшкө 4,

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

Коом

Камчыбек Ташиев кылмыш иши боюнча күбө катары суралууда

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кылмыш иштери боюнча күбө катары сурак берип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине таянып, “Кабар” агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин УКМКнын айрым мурдагы кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголуп, алар камакка алынган. Эске салсак, Камчыбек Ташиев 10-февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы

Интернет кымбаттайбы? Бишкекте тарифти 50% көтөрүү сунушталды

Интернет кымбаттайбы? Бишкекте тарифти 50% көтөрүү сунушталды

Кечээ Бишкек шаарында байланыш операторлору жана шаардык кызматтардын катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жыйында "Бишкекжарык" жана "Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканаларынын була-оптикалык линияларды жайгаштыруу үчүн таянычтарды ижарага берүү тарифтерин 50% жогорулатуу планы каралды. Байланыш операторлор ассоциациясы тарифти жогорулатуу боюнча

Таласта 16,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Коом

Таласта 16,9 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Талас шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жер жана мүлк мыйзамдарынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, 1996-жылы Талас райондук ветеринардык башкармалыгына таандык болгон 0,34 гектар жер тилкеси жана кампа курулмалары мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен. Прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 16 млн 948 миң

Кыргызстандан Кытайга 25 тонна жүгөрү экспорттолду

Экономика

Кыргызстандан Кытайга 25 тонна жүгөрү экспорттолду

Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына жүгөрү экспорттоо башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти маалымдады. 2026-жылдын 16-мартында жүгөрүнүн алгачкы партиясы экспортко жөнөтүлдү. Анын көлөмү 25 тоннаны түздү. Экспорттоочу — "Зиябидин Ата" дыйкан чарбасы. Жүгөрү экспортунун башталышы 2022-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда

Жаш Гвардия – Лев Толстой кесилишинде транспорттук түйүн курулат

Транспорт

Жаш Гвардия – Лев Толстой кесилишинде транспорттук түйүн курулат

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Жаш Гвардия бульварынын боюндагы ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен дагы билдиришти. Жалпысынан 64 объект жол курулушуна кирет. Алардын ичинен: * 16 объектте мамлекеттик акт бар; * 1 объектте 49 жылдык “жашыл китеп”; * 2 объектте 5 жылдык “жашыл китеп” бар. Калган объекттер боюнча документтер такталууда.