Айгерим Качкынбекова

Өлкө аймагында автожолдорду тазалоо жана оңдоо иштери жүрүүдө

Транспорт

Өлкө аймагында автожолдорду тазалоо жана оңдоо иштери жүрүүдө

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканалары тарабынан жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдорду ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, кышкы тейлөөнүн жыйынтыгынан кийин жол жээктерин тазалоо иштери жүргүзүлүп, атайын техниканын жана кол күчүнүн жардамы менен жол бетиндеги чаң-топурактар тазаланып, парапеттер менен бордюрлардын негиздери

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Банктар

Айыл чарбасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана фермерлерди колдоо максатында бир катар мамлекеттик долбоорлор ишке ашырылууда. Бул программалар айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоорлорду ишке ашырууда фермерлерге жеңилдетилген каржылык колдоо көрсөтүүдө "Айыл Банк" ААКнегизги өнөктөштөрдүн бири болуп

Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Экономика

Салык кызматы 31 млн сомдук БАДдарды мыйзамсыз алып кирүүнү токтотту

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери биологиялык активдүү кошумчаларды (БАД) мыйзамсыз алып келүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мекемеден билдиришкендей, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек – автожол" товарларды көзөмөлдөө пунктунда жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан коштомо документтери жок биологиялык активдүү кошумчалар табылган. Алдын ала маалымат

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Экономика

Кыргызстан менен Корея экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүнү көздөйт

Кечээ экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ким Квангджэ менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Бакыт Сыдыков Корея Республикасы Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу багыттар боюнча тыгыз кызматташтык түзүлгөнүн айтты. Министр ошондой эле Корея Республикасынын

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Коом

Борбор калаада 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев борбор калаанын Түштүк пландоо зонасындагы Токомбаев көчөсү 15/8а дарегинде курулуп жаткан 750 орундуу жаңы мектептин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрлик маалымдагандай, долбоорго ылайык мектеп 3 кабаттуу болуп курулуп, окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар каралат.

"Айыл Банк" аталышын өзгөртүп, "АБанк" болуп кайра катталды

Банктар

"Айыл Банк" аталышын өзгөртүп, "АБанк" болуп кайра катталды

Кечээ Улуттук банк тарабынан "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу банктын лицензиялары алмаштырылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Улуттук банктын маалыматына ылайык, банктын толук жана кыскартылган фирмалык аталыштары өзгөртүлдү. Ага ылайык: * мамлекеттик тилдеги толук аталышы — "АБанк" ачык акционердик коому; * мамлекеттик тилдеги кыскартылган аталышы

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Коом

Ысык-Көлгө куйган дарыяларга 582 миң даана форель чабагы коё берилди

Күн мурун Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (станциясынын) кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл жилингири (форель) балыгынын чабактарын Ысык-Көл көлүнө куйган дарыяларга коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Туристтик-экологиялык

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Коом

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Коом

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде,

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Коом

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Транспорт

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Коом

Кыргызстан менен Өзбекстан эмгек миграциясы боюнча кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда тараптар эмгек миграциясы жана социалдык маселелер боюнча кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде калкты жумуш менен камсыз кылуу, социалдык