Айгерим Качкынбекова

Сокулукта 750 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Коом

Сокулукта 750 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги Сокулук районунун Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектептин курулушун баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим берүүчү жай заманбап үлгүдөгү 3 кабаттуу, 5 блоктон турган имарат болуп курулат. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган. Курулуш иштерин Турак

Быйыл Ош шаарында 20 миңге жакын көчөт отургузулат

Коом

Быйыл Ош шаарында 20 миңге жакын көчөт отургузулат

Быйыл Ош шаарына 20 миңге жакын көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн мэр Жанарбек Акаевдин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын иши менен таанышуусу учурунда белгилүү болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Ош шаарын жашыл шаарга айлантуу жана жашылдандыруу иштерин күчөтүү негизги приоритеттүү пландарынын бири экендигин айтып, быйыл шаарды көрктөндүрүү аракеттерине өзгөчө көңүл

Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык камсыздоо мыйзамдарын жактырды

Бийлик

Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык камсыздоо мыйзамдарын жактырды

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети "Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер Кабинети. Жыйында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция

Бишкекте Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу жаңы бала бакча курулууда

Коом

Бишкекте Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу жаңы бала бакча курулууда

Бишкек шаарынын Биримдик-Кут конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулуш иштери улантылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда объектте ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, санитардык түйүндөрдө кафель плиткаларын чаптоо жана фасаддык жумуштар аткарылууда. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 2 927 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат курулууда. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,8 гектарды

Лейлектин 3 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот

Коом

Лейлектин 3 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот

Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жаңы суу менен камсыздоо системасын куруу иштери аяктоо алдында турат. Жакын арада айылдын 3 миңден ашуун тургуну таза жана коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүккө ээ болот, - билдирет Айыл чарба министрлигинен. Инфраструктура кеңири жаңыртылып,

Быйыл Жалал-Абад облусунда 3534 даана мамыча орнотулат

Энергетика

Быйыл Жалал-Абад облусунда 3534 даана мамыча орнотулат

Жалал-Абад облусунда 2026-жылдын март айынан ноябрь айына чейин энергетикалык инфраструктураны жаңылоонун алкагында 3 534 даана электр мамыча орнотулат. Бул тууралуу Жалал-Абад электр тармактар ишканасынан билдиришти. Бул иштер энергетикалык коопсуздукту чыңдоого, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга жана тармактын техникалык базасын заманбап талаптарга шайкеш келтирүүгө багытталган. Жүргүзүлүп жаткан модернизация иштери авариялык өчүүлөрдү

А.Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана атайын техника тапшырды

Бийлик

А.Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана атайын техника тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарада Министрлер Кабинетинин башчысы куткаруучуларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, бул күн эрдиктин жана баатырдыктын символу экенин белгиледи. Ал ошондой эле куткаруучулардын өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө татаал милдеттерди аткарып жатканын

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Коом

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бүгүн Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тойбосс эт продукцияларын өндүрүүчү ишканасына барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Компания халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Коом

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Коом

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы "Агрокуш" ишканасынын филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана "Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор бройлер канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жаңы инкубаторийди,

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Коом

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында

Өлкөнүн бир катар ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом

Өлкөнүн бир катар ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

23-26-февраль күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү күтүлөт. Айрым унаа жолдорунда кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. ӨКМдин маалыматына ылайык, кооптуу аймактарга Төө-Ашуу ашуусу (121–138-чакырым), Ала-Бел ашуусу (198–265-чакырым), Долон ашуусу (292–305-чакырым), Көк-Арт ашуусу (201–205, 260–290, 326–349-чакырымдар) жана Чоң-Ашуу ашуусу (45–90-чакырым)