Бактынур Абдиева

Бишкекте баткендиктер үчүн төрт консультациялык борбор ачылды

Баткен облусунун тургундары үчүн Бишкекте төрт консультация борбору ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда, борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Муниципалитет белгилегендей, Бишкек шаарында Баткен облусунун тургундары үчүн республикалык штабдын ишинин аякташына байланыштуу төмөнкү кызматтар ачылды: * Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Жибек Жолу проспектиси, 495. Телефон: 0 (312) 670433,

Баткен облусунда 92 миңден ашык эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтып жатышат

Баткен облусунда Тажикстандын кол салуусунан улам эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайтып жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 92 миң 521 жаран жашаган жерлерине кайтып келүүдө. Аталган башкармалык учурда Баткен облусунда 136 миң 770 жаран коопсуз аймактарга көчүрүлгөнүн эскертти. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагынан

ЕЭК Кеңеши 2023-жылдын апрелине чейин 370 товарга бажы алымдарын алып салды

23-сентябрда минкаб башчысынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москвада Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Кеңешинин жыйынын өткөрдү. Күн тартибинде 60 маселе көтөрүлүп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода боюнча жана импорттун ордун толтуруу боюнча биргелешкен долбоорлор боюнча баяндамалар угулду, деп билдирет минкаб басма сөз кызматы. Белгиленгендей, отурумдун жүрүшүндө 2021-жылкы ЕАЭБдеги мунай

Баткен облусуна 1.5 миң тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Баткен облусуна эртең мененки саат 8:00гө карата 1.5 миң тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мында министрлик тарабынан 264.9 тонна, жарандардын өз күчү менен 1036.6 тонна жеткирилген. Складда 199.2 тонна гуманитардык жардам бар. Аталган башкармалык учурда Баткен

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери кайрадан сүйлөшүштү – кандай келишим түзүлдү

Кечээ, 25-сентябрда, «Кызыл-Бел» (КР) өткөрүү пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында минкаб төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов чек ара аймактарындагы абалды турукташтыруу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жолугушуу

Беш жыл ичинде табигый кырсыктардан жапа чеккендерге 4 млрд сомдук жардам көрсөтүлгөн

2017-жылдан 2022-жылдын сентябрына чейин жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга 4 млрд сомдон ашык акча берилген. Мындай маалыматты Финансы министрлиги жазды. Министликтин маалыматы боюнча, 24.4 миң адамга жардам көрсөтүлгөн. Бузулган үйүн калыбына келтирүү же жаңы турак жай куруу үчүн жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендерге өз тандоосу боюнча 50 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам

Аскердик кызматка келишим түзүүгө мажбур кылышат - Валентина Чупик мигранттарды тезинен Россиядан чыгып кетүүгө үндөдү

Мобилизация жарыялангандан кийин россиялык паспорту бар мигранттарга Россиядан чыгып кеткиле деген кеңеш берилди. Кайрылууну мигранттардын укугун коргогон активист Валентина Чупик жарыялады. Кайрылууда ал мигранттар «өз ыктыяры менен аскердик кызмат өтөө» боюнча келишим түзүүгө аргасыз болорун белгилеп айтты. «Биринчиден, алар «өз ыктыяры менен аскер кызмат өтөө» боюнча келишим түзүүгө аргасыз болушат.

Ошко 5 миңден ашык баткендик жаран жайгашты

Ош шаарына Баткен облусунан келген жарандардын саны 5 миңден ашты. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, расмий маалымат боюнча Баткен облусунан келген 2.6 миңге жакын адам убактылуу жайларга жайгаштырылган, алардын көбү аялдар жана жаш балдар. Ал эми расмий эмес маалымат боюнча Баткенден келгендердин саны 5

Быйыл Кыргызстанга дээрлик 4 млн турист келди

2022-жылдын жети айында Кыргызстанга 3.8 млн турист келген, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) баяндамасында айтылат. АӨБ белгилегендей, мунун аркасында кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 3.5%га өскөн, ал эми тамак-аш жана мейманкана секторунда өсүш 12.5%ды түзгөн. Эске

Чек арадагы абал туруктуу

Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 22-сентябрда саат 8:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп билдирди. Түн тынч өттү, эч кандай окуя катталган жок. Чек ара аймактарында жарылбаган снаряддарды, миналарды, ок-дарыларды жана башка жарылбай калган заттарды табуу, тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери уланууда. Эки тараптын

Мобилизация жарыялангандан кийин Москвадан Бишкекке авиабилеттердин баасы 110 миң сомдон ашып кетти

Кечээ, 21-сентябрда, Россияда мобилизация жарыяланганы тууралуу кабар айтылгандан кийин Россиядан билеттердин баасы кескин кымбаттады. Economist.kg-нин редакциясы бул Кыргызстанга карай авиабилеттерге кандайча таасир эткенин текшерип көрдү. Aviasales кызматынын маалыматы боюнча, 22-сентябрга карата Москвадан Бишкекке түз эмес, башка шаар аркылуу авиабилеттердин (жол убактысы 24 сааттан ашык) эң арзанынын баасы 79 миң

Садыр Жапаров Нью-Йоркто бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү

Президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясына катышуунун алкагында бир нече өлкө лидерлери жана БУУ жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Алгач Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугуп, Тажикстандын агрессиясын жана Тоолуу өлкөлөр фондун түзүү маселесин талкуулады. Андан соң Түркиянын жана