Бийлик
«Кыргызалтындын» ишмердүүлүгүндө 12.2 млн сомго каржылык мыйзам бузуулар аныкталды
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан «Кыргызалтын» ААКнын автотранспорт ишканасы филиалынын (АТПФ) жооптуу адамдары тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз эсептен чыгарууга байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдүн белгилери жана фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдан бери АТПФтин балансында турган ондогон атайын техникалар жана унаалар иштебей турганы аныкталган. Бирок, буга карабастан АТПФтин жооптуу