Акылбек Жапаров Чүй облусундагы өндүрүш ишканаларын кыдырды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сокулук районунда муниципалдык жаңы мал базарды куруу долбоору менен таанышты. Бул тууралуу минкаб маалымат кызматы билдирди. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 8 гектарды ээлеген мал базарынын ичине санитардык жана ветеринардык өтмөк кирет, малдарды түшүрүү жана жүктөө үчүн эстакада, 700 унаа