Тору-Айгырда кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясы курулат
Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу минкаб билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдаланууда Кыргыз Республикасынын потенциалы жеткиликтүү деңгээлде ишке ашырылбаганын белгиледи. «Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карабастан, биз күн жана геотермалдык энергияны, шамал энергиясын жана биогаз технологияларын толук пайдаланбай жатабыз.