Чынгыз Керимбеков

Кыргызстан Евробиримдик менен тышкы карыз маселесин талкуулады.

Бийлик

Кыргызстан Евробиримдик менен тышкы карыз маселесин талкуулады.

КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эл аралык өнөктөштүк боюнча Еврокомиссары Джутта Урпилайнен менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ билдирди. Тараптардын жолугушуусу Евробиримдик-Борбордук Азия Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында бүгүн Люксембург шаарында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Европа бирлигинин Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорун талкуулашты, ошондой эле санариптештирүү, билим берүү, экология

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга келди

Бийлик

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга келди

Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Бишкекке жумуш сапары менен келди. Бул тууралуу минкаб билдирди. Монголиянын Премьер-министринин жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

Оштун Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Коом

Оштун Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды

Ош шаарынын Алмалык айылындагы жаңы мектептин курулуш иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Бакытбек Жетигенов буга чейин 4-майда аталган айылдын жашоочулары менен жолугушуп, айыл жашоочуларынын мектеп куруу боюнча суранычын орундатууда жергиликтүү бийлик бардык чараларды көрүп, колдоо көрсөтөөрүн билдирген. Долбоорго ылайык, 2 кабаттуу мектеп имараты 150 окуучу орунга ылайыкташкан.

Жээнбек Кулубаев Люксембургдун тышкы иштер министри менен жолукту

Бийлик

Жээнбек Кулубаев Люксембургдун тышкы иштер министри менен жолукту

2023-жылдын 23-октябрында Люксембург шаарында ЕБ-БА тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Люксембург Улуу Герцогдугунун тышкы жана европалык иштер министри Жан Ассельборн менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу мекеме билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү

Кыргызстан менен Кореянын элчилиги меморандумга кол коюшту

Бийлик

Кыргызстан менен Кореянын элчилиги меморандумга кол коюшту

Президенттин администрациясы менен Кореянын элчилигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди. Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев кыргыз-корей мамилелерин мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди. Өз кезегинде Кореянын элчиси Ли Вонджэ бул документке кол

Таласта нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Коом

Таласта нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2023-жылдын 23-октябрында Таласта нандын баасына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди. Иш чарага Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, шаардык мэриясы жана Салык кызматынын кызматкерлери катышьты. Кызматтар Таластагы нан (бөлкө нан) жана нан азыктарынын (тандыр нан) чекене сатуу менен алектенген чарбекер субъекттер, супер маркет, кичи маркет жана

КУЭТ өз эсебинен Панфиловдо жаңы трансформаторлорду орноштурууда

Энергетика

КУЭТ өз эсебинен Панфиловдо жаңы трансформаторлорду орноштурууда

Чүй облусунун Панфилов районуна жаңы алынып келинген трансформаторлор орнотулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Панфилов РЭТинин электр куроочулары Кайыңды шаарынын Линейный көчөсүндөгү №176-трансформатордук көмөкчордондо күч трансформаторун алмаштырышты. Калктын санынын өсүшү менен электр энергиясын керектөө да өсүп, эски жабдуулардын кубаттуулугу аз болуп, көтөрө албай, керектөөчүлөргө бир топ ыңгайсыздык жараткан.

Көп болсо 180 млн доллар экен – Түлөбаев кайрадан монорельстин маселесин көтөрдү

Коом

Көп болсо 180 млн доллар экен – Түлөбаев кайрадан монорельстин маселесин көтөрдү

Бишкекте монорельстин куруусу 180 млн доллар болот. Андыктан ал автобустардын ордуна жакшы альтернатива болот. Бул маселени ЖК тармактык комитетинде депутат Балбак Түлөбаев көтөрүп чыкты. Ал финансы министрине кайрылып, Бишкектин бюджетине жыл сайын 4-5 млрд сом которулуп жатканын айтты. “Мен монорельс тууралуу айтсам колумду көрсөттүң деп шылдыңдашкан. Аны салып койсок 17

Бишкекте капиталдык оңдоодон өткөн тротуарлардын тизмеси жарыяланды

Коом

Бишкекте капиталдык оңдоодон өткөн тротуарлардын тизмеси жарыяланды

2023-жылга карата "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын титулдук тизме боюнча борбор калаанын 4 районунда 30 км ашык тротуарды капиталдык оңдоо каралган. Бул тууралуу мэриянын маалыматк кызматы билдирди. Титулдук тизме боюнча 22 объект, ал эми кошумча титулдук тизме боюнча 21 объектте курулуш иштери пландалган. Бүгүнкү күндө 17 объектиде тротуарларды капиталдык оңдоо

ЖКнын комитети 2024-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун карады

Экономика

ЖКнын комитети 2024-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун карады

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда «КРнын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Жыйында баяндама жасаган Финансы министри Алмаз Бакетаев фискалдык саясаттын негизги багыттарына токтолду. Ал белгилегендей, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы

Кыргызстандын экономикасы жылдын башынан бери өсүштү көрсөтүүдө

Экономика

Кыргызстандын экономикасы жылдын башынан бери өсүштү көрсөтүүдө

Улуттук статистика комитетинин 2023-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча отчету жарыяланды. Такталгандай, орточо айлык эмгек акы былтыркы жылга салыштырмалуу 25.7%га өсүп, ал 32 078 сомду түздү. Ошондой эле тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 27%га көбөйүп, ал 9.407 млрд АКШ долларын түздү. Мында Кыргызстандын экспорттук кирешеси 46%га

Бишкек менен Чүй облусунун жолдорунда эки күнгө чектөө киргизилет

Коом

Бишкек менен Чүй облусунун жолдорунда эки күнгө чектөө киргизилет

25-27-октябрда Бишкек жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу маалымат жыйынында ИИМнин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди. Анын айтымында, чектөөлөр Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьеринин, Монголиянын премьер-министринин жумушчу сапары жана ШКУ, КМШ жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө. Исмаилов белгилегендей, бүгүнкү күндө ички иштер