ЖКнын комитети 2024-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун карады

ЖКнын комитети 2024-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун карады

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда «КРнын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган Финансы министри Алмаз Бакетаев фискалдык саясаттын негизги багыттарына токтолду. Ал белгилегендей, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2024-жылга 413 млрд сом суммасында же ИДПга карата 32.8% деңгээлинде болжолдонууда. 2025–2026-жылдар мезгилинде мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү тийиштүү түрдө 461.2 млрд сомду жана 512.8 млрд сомду түзөт.

Бакетаев билдиргендей, Айыл чарба министрлигине 2024-жылы 13 млрд сом бөлүү каралган, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 5.1 млрд сомго көп. Ирригация тармагына келерки жылы 1 млрд сом каралса, инвестицияларды тартуу менен суу чарба тармагын жакшыртууга, суу ресурстарына 7.1 млрд сом пландалууда. Ошондой эле, финансы министрлиги 2024-жылы жеңилдетилген айыл чарба багытындагы насыяларга 4 млрд сом пландаган.

Талкууда депутат Алишер Эрбаев социалдык тармакка, жөлөк пул менен пенсияларга келе жаткан жылда каралган каражатарды, ошондой эле тышкы карыздарды төлөөгө багытталган финансыны тактады. Финансы министри жаңы жылда социалдык тармакка жалпы 167 млрд сом, ал эми 67.9 млрд сом каражат мамлекеттик карызды төлөөгө каралганын айтты.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжай районунун Бостон, Жоо-Кесек, Кара-Кечүү жана Учкун айылдарында Охна сайынын нугу тазаланып жатат. Бул тууралуу аймактык жетекчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Жалпы узундугу 7000 метр болгон сайдын нугунан чогулган ылай, таштанды жана агымга тоскоол болгон башка нерселер тазаланып, суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылып жатат. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери сел

Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузган 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК ички иштер органдары менен биргеликте миграциялык мыйзам бузууларды аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында "Нелегал" аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөргөн.

Акыйкатчы: Коомдук кеңеш институттун ишмердүүлүгүнө эксперттик колдоо көрсөтөт

Акыйкатчы: Коомдук кеңеш институттун ишмердүүлүгүнө эксперттик колдоо көрсөтөт

Акыйкатчы институтунун демилгеси менен адам укуктары жана эркиндиктери боюнча коомдук кеңеш түзүлүп, анын алгачкы отуруму өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отурумда адам укуктарын коргоо жана камсыз кылуу жаатындагы орчундуу маселелер талкууланып, коомдук кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева коомдук кеңештин түзүлүшү институттун

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Кечээ Чолпон-Ата шаарында Коопсуздук кеңештин катчысы Адилет Орозбековдун төрагалыгы алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өттү. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, жыйын Президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен түзүлгөн Координациялык штабдын иш-чараларынын алкагында өткөрүлдү. Анда ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, саламаттык сактоо жана