Ишкер Media

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

Экономика

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

МинКаб төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл асыл тукум букаларды жана асыл тукум топоздорду алмашуу аркылуу малдын генетикалык

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Экономика

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлер рыногу бөлүмүнүн башкы адиси Талантбек Исмаилов радио эфиринде электр кубаттоочу станцияларды орнотуу үчүн жер тилкелерин берүү тартиби жана учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жер тилкелерин пайдалануу боюнча келишимдер көбүнчө бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кийин үч жылга чейин узартылышы мүмкүн. Адистин түшүндүрүүсүндө, комиссия

Былтыр Тажикстандан Кыргызстанга 86 миң турист келген

Экономика

Былтыр Тажикстандан Кыргызстанга 86 миң турист келген

Тажикстандан Кыргызстанга былтыр 86 миң турист келгенин “Ынтымак Ордодо” өткөн кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи отурумунда айтылды. Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев туризм тармагындагы кызматташтыктын оң динамикасын белгиледи. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Тажикстандан келген туристтердин саны 2024-жылга салыштырмалуу 12 эсеге көбөйдү. “Кыргыз тарап биргелешкен кыргыз-тажик туристтик долбоорлорун ишке ашырууга, анын

Кытай Кыргызстан чек арасындагы өткөрмө пункттар убактылуу жабылат

Экономика

Кытай Кыргызстан чек арасындагы өткөрмө пункттар убактылуу жабылат

Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарынын убактылуу жабылыш графиги өзгөртүлдү. Бул өлкөдө Кытай Жаңы жылын майрамдоого байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен мамлекеттик чек арадагы өткөрмө пункттарды жабуу графигине өзгөртүүлөр киргизилгенин Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр төмөнкү эки өткөрмө пунктуна тиешелүү: * "Иркештам-автожол&

Экономика министрлиги чет өлкөлүк конокторду тосууга тендер жарыялады

Экономика

Экономика министрлиги чет өлкөлүк конокторду тосууга тендер жарыялады

Экономика жана коммерция министрлиги чет өлкөлүк делегацияларды тосуп алуу боюнча расмий иш-чараларды уюштуруу кызматтарын сатып алуу үчүн тендер жарыялаганын мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди. Маалыматка ылайык, конокторду тосуп алуу иш-чараларына 3 млн 931,4 миң сом бөлүү пландалууда. Техникалык тапшырмада төмөнкү талаптар көрсөтүлгөн: * транспорт каражаттары жана айдоочулар; * аэропорттон тосуп алуу

Борбордук Азиянын финансы рыногундагы жасалма интеллект 2025 - аттуу баяндама жарыяланды

Банктар

Борбордук Азиянын финансы рыногундагы жасалма интеллект 2025 - аттуу баяндама жарыяланды

КРнын Улуттук банкы “Борбордук Азиянын финансы рынокторунда жасалма интеллект 2025” аттуу аналитикалык баяндама жарыяланганын маалымдады. Баяндама региондогу эң ири комплекстүү изилдөө болуп саналат. Ал Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын финансы секторлорунун 232 уюмун сурамжылоонун негизинде даярдалган. Билдирүүгө караганда, документте 2024–2025-жылдардагы дүйнөлүк жасалма интеллект рыногунун негизги өнүгүү тенденцияларын талдоо берилген. Финансы

Кыргызстандын үрөнчүлүк чарбаларында жылыш болот

Экономика

Кыргызстандын үрөнчүлүк чарбаларында жылыш болот

Бүгүн Бишкек шаарында "Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги: сапат, инновация, өнөктөштүк" аттуу форум өттү. Иш-чара өлкөнүн үрөнчүлүк тармагын стратегиялык өнүктүрүүгө арналган. Форумдун жыйынтыгында Кыргызстандын үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган резолюция кабыл алынды. Ошондой эле Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Нидерландиянын HZPC компаниясы жана

А.Касымалиев: Кыргызстан Тажикстандын товарларын ЕАЭБ рыногуна чыгарууга даяр

Экономика

А.Касымалиев: Кыргызстан Тажикстандын товарларын ЕАЭБ рыногуна чыгарууга даяр

Кыргызстан Тажикстандын товарлары үчүн ЕАЭБ рыногуна, ошондой эле ВСП+ системасы аркылуу Европа Биримдигине “соода дарбазасы” болууга даяр экенин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Минкаб төрагасы белгилегендей, логистикалык байланыштарды өнүктүрүүдө чек ара инфраструктурасын жакшыртууга жана көзөмөлдүк-өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасоо зарыл. “Кыргызстан стратегиялык мааниге ээ болгон ири инфраструктуралык

АИИБ чакан жана орто бизнес үчүн 50 млн доллар багыттайт

Экономика

АИИБ чакан жана орто бизнес үчүн 50 млн доллар багыттайт

Бишкекте Финансы министрлиги менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы ортосунда Мамлекеттик өнүктүрүү банкы үчүн 50 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлганын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, тартылган каражаттар "жашыл" жана ресурстарды үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырып жаткан микро, чакан жана орто ишканаларды

Чындыкка айланган “Мираж”: үйүн сагынганы мигрант Замирбек Токторовду кантип ийгиликтүү ишкерге айландырды?

Бизнес маек

Чындыкка айланган “Мираж”: үйүн сагынганы мигрант Замирбек Токторовду кантип ийгиликтүү ишкерге айландырды?

Бүгүн “Ишкер медиа” “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезондук ишке барган жумушчулардын коопсуз миграциясы” долбоорунун катышуучулары тууралуу топтомдун кезектеги материалын жарыялайт. Ал эмгек мигрантынын турмушуна көнүп эле тим калбастан, ишкерликтин негиздери боюнча ар тараптуу окутуудан өтүп, кийин кошо каржылашуу боюнча “1+1” сыноо демилгесинин колдоосу менен өз ишин ачкан мекендештерибиздин башынан

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Экономика

Кыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлүшү мүмкүн

Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Улуттук лабораториялык кызмат түзүүү боюнча жыйын болгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Кеңешмеде элге көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, лабораториялык диагностиканын бирдиктүү тутумун түзүү талкууланды. Анда сапат боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү, байкоо жана көзөмөл үчүн санариптик чечимдерди колдонуу жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын тактыгын жогорулатуу