А.Касымалиев: Кыргызстан Тажикстандын товарларын ЕАЭБ рыногуна чыгарууга даяр

А.Касымалиев: Кыргызстан Тажикстандын товарларын ЕАЭБ рыногуна чыгарууга даяр

Кыргызстан Тажикстандын товарлары үчүн ЕАЭБ рыногуна, ошондой эле ВСП+ системасы аркылуу Европа Биримдигине “соода дарбазасы” болууга даяр экенин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Минкаб төрагасы белгилегендей, логистикалык байланыштарды өнүктүрүүдө чек ара инфраструктурасын жакшыртууга жана көзөмөлдүк-өткөрүү пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга басым жасоо зарыл.

“Кыргызстан стратегиялык мааниге ээ болгон ири инфраструктуралык долбоорду – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууну ишке ашырууда, бул биздин өлкөнүн транзиттик потенциалын кыйла жогорулатат жана анын Евразия мейкиндигиндеги маанилүү логистикалык түйүн катары ролун бекемдейт. Бул транспорттук коридор Тажикстан үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, - деди ал.

Өз кезегинде Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тажик тарап Кыргызстан менен кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө маани берерин белгилеп, өкмөттөр аралык кеңеш биргелешкен демилгелерди илгерилетүү, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн да жакшы аянтча болорун айтты

Мындан тышкары окуңуз

Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туроператорлорго Шакиранын концертине 5% жеңилдик берилет

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Шакиранын концертине байланыштуу туристтик операторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, туристтик бизнес өкүлдөрү үчүн концертке билеттерди сатып алууда 5%га чейин жеңилдик каралган. Мындан тышкары, уюштурулган туристтик топторду "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы мейманкана комплекстерине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Ишкер Media
Жапаров Баткенди өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Жапаров Баткенди өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен жана Ош облустарына иш сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын өнүгүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Баткен районунун акими Данир Иманалиевдин маалыматы боюнча, курулуш тармагында жалпы наркы 1 млрд 380 млн сомдук 69 объект ишке берилген: 12 мектеп, 13

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 70 кг таштанды чыгарылды

11-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясында өткөрүлгөн рейдде 4 300 метр эски синтетикалык тор жана 70 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Билдирүүгө караганда, рейдди министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзгөн. Адистердин айтымында, мындай торлор көлдөгү жаныбарлар дүйнөсүнө, балыктардын

Ишкер Media
Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы кызматтарынын жетекчилеринин 15-жыйыны

10-октябрда Бишкек шаарында Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан уюштурулган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) жумушчу тобунун 15-жыйыны болуп өттү. Жыйынга ТМУга мүчө мамлекеттердин бажы администрацияларынын өкүлдөрү бажы кызматтарынын жетекчилери катышышты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, тараптар сооданы жана адамдардын жүрүүсүн жеңилдетүү, анын ичинде өткөрүү пункттарында “Бирдиктүү терезе” жана “Бирдиктүү аялдама” механизмдерин

Ишкер Media