Экономика
Тигүү тармагы акырындап жандана баштады
Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Бишкектеги ири тигүү цехтердин бирине барып, өндүрүш процессин таанышып чыкканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Вице-министрдин айтымында, өлкөнүн тигүү жана текстиль тармагы 2025-жылдын күзүндө тышкы факторлордун таасири менен олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болгон. Ошол эле учурда мамлекет бул секторду колдоо чараларын көрүп келет.