"Чоң Кемин" жаратылыш паркында 5 миңден ашык бак отургузулду
"Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өткөнүн кечээ Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда 5 миңден ашык терек, карагай жана өрүк көчөттөрү отургузулган. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата, "ШКУнун жашыл алкагы" эл аралык демилгесине ылайык уюштурулду.