Мелис Совет уулу

Бишкек
Ишенимге кирип 50 миң доллар алдап кеткен жаран кармалды

Ишенимге кирип 50 миң доллар алдап кеткен жаран кармалды

Биринчимай райондук ички иштер башкармалыгына 2025-жылдын 23-сентябрында Р.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "К." аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын 31-июлунда аталган жаран Бишкек шаарындагы Радищева көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинде иш баштоону сунуштап, ишенимине

М.Байгөнчоков: Коммуналдык тармактарды масштабдуу модернизациялоого каражат жок

Экономика

М.Байгөнчоков: Коммуналдык тармактарды масштабдуу модернизациялоого каражат жок

Бишкек шаардык кеңешинин "2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетин жана 2027–2028-жылдарга пландуу мезгилди бекитүү жөнүндө" токтом долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларында биринчи вице-мэр Мирлан Байгөнчөков мэриянын шаардагы бардык инженердик тармактарды кеңири масштабда алмаштырууга азырынча мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди. Буга чейин шаар тургуну жылуулук тармактарын жаңылоо маселесин

Кыргызстанда эмгек миграциясына быйыл 52 миң адамга квота бекитилди

Саясат

Кыргызстанда эмгек миграциясына быйыл 52 миң адамга квота бекитилди

Кыргызстанда 2026-жылга карата эмгек миграциясына квота 52 миң адам болуп бекитилгенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Арлен Алиясов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы алгач квота 25 миң болуп белгиленип, кийин 42 миңге, андан соң 52 миңге чейин көбөйтүлгөн. Зарылчылык жаралса, бул

Пенсионердин 850 миң сомун алдап алган жаран кармалды

Коом

Пенсионердин 850 миң сомун алдап алган жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 2 ай мурун пенсионердин 850 миң сомун алдамчылык менени котортуп алган шылуун кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 12-декабрында милицияга 77 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары тааныштырган белгисиз адамдар аны алдап, 850 миң сом

Япония Кыргызстандагы фермерлерди колдоо долбоорун 4,5 млн долларга каржылайт

Экономика

Япония Кыргызстандагы фермерлерди колдоо долбоорун 4,5 млн долларга каржылайт

Суу, айыл чарба, кайра иштетүү министрлиги менен БУУнун  Дүйнөлүк азык-түлүк программасы(ДАП) жаңы долбоорду ишке киргизүү боюнча кол коюу аземин өткөрүшкөнүн министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити, ошондой эле ДАПтын Кыргызстандагы өкүлү жана директору Кожиро Накай катышты. Белгиленгендей,

Швеция санариптик каражаттардан кайра салттуу окутуу ыкмаларына өтө баштады

Кызыктуу

Швеция санариптик каражаттардан кайра салттуу окутуу ыкмаларына өтө баштады

Швецияда мектептер санариптик каражаттарды ашыкча колдонуу практикасын кыскартып, салттуу окутуу ыкмаларына кайта баштаганын Kazinform жазып чыкты. Мындай чечим iPad жана ноутбуктарды активдүү пайдаланууда окуучулардын окуу деңгээли начарлап кеткендиктен кабыл алынган. Эми мектептерде басма окуу китептерине, кол менен жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасалып жатат. Адистердин айтымында, бул ыкма окуу сабаттуулугун жогорулатууга

БШК мэрияны ишкерлерди кыспоого чакырды

Экономика

БШК мэрияны ишкерлерди кыспоого чакырды

Муниципалдык жерди ижарага берүү акысын жана борбор калаадагы муниципалдык базарлардагы ижара төлөмдөрүн жогорулатуу маселеси Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында көтөрүлдү. Казыбек Эргешов ишкерлер шаардык бюджетти түзүүнүн негизги катышуучулары экенин, алар жумуш орундарын түзүп, жумушсуздук менен жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө салым кошорун

Сузак районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча жыйын өттү

Экономика

Сузак районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча жыйын өттү

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында Сузак районунун аймагындагы инженердик тармактарга байланышкан маселелер каралды. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мында жалпы 31 объект темир жол линиясынын контуруна туура келет. Анын ичинен 11и ичүүчү суу түтүктөрү, калганы саркынды жана сугат суу каналдары болуп саналат. Мындан тышкары, жыйында Түштүк Жалал-

Чүй облусунда жол боюндагы мыйзамсыз 12 соода объектиси демонтаждалды

Кыймылсыз мүлк

Чүй облусунда жол боюндагы мыйзамсыз 12 соода объектиси демонтаждалды

Чүй облусунда жол боюндагы мыйзамсыз жайгаштырылган 12 соода объектиси демонтаждалды. Иш-чаралар 17–19-февраль күндөрү Бишкек – Кара-Балта автоунаа жолунун Москва району аймагындагы тилкесинде жүргүзүлгөнүн Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Чүй облустук башкармалыгынан билдиришти. Иш-чаралар Шаар куруу жана архитектура департаменти, ошондой эле Москва районунун жергиликтүү

"Акылдуу светофорлор" Бишкектин бардык аймагына коюлат

Транспорт

"Акылдуу светофорлор" Бишкектин бардык аймагына коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы пилоттук долбоордун алкагында 21 кесилишке "акылдуу светофорлорду" орнотконун Жол кеңешинин жыйынтыгында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, "акылдуу светофорлор" Токомбаев көчөсүнүн Нуркамал көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөлөрүнүн Күрөңкеев

Бишкектеги бардык 72 автобус каттамдары өзгөрөт

Транспорт

Бишкектеги бардык 72 автобус каттамдары өзгөрөт

Бишкек шаардык Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев борбордогу коомдук транспорт системасын реформалоо боюнча кеңири пландар тууралуу журналисттерге маалымат берди. Анын айтымында, өзгөрүүлөр учурдагы бардык 72 каттамды камтыйт. "72 каттамдын баары оптимизацияланат, башкача айтканда толугу менен өзгөртүлөт", — деди ал. Айрым каттамдар айланма болуп өзгөртүлөт,

"Бишкек" ЭЭАнын субъекттери жаңы аймакка көчүрүлөт

Экономика

"Бишкек" ЭЭАнын субъекттери жаңы аймакка көчүрүлөт

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн, ошондой эле "Бишкек" ЭЭАсынын субъекттеринин катышуусунда жолугушуу өткөрдү. Агенттиктен билдиришкендей, кеңешменин жүрүшүндө "Бишкек" ЭЭАсынын субъекттерин жаңы аймакка көчүрүү, зарыл болгон инженердик жана транспорттук инфраструктура менен камсыз кылуу, ошондой эле алардын өндүрүштүк жана инвестициялык ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз