М.Байгөнчоков: Коммуналдык тармактарды масштабдуу модернизациялоого каражат жок

М.Байгөнчоков: Коммуналдык тармактарды масштабдуу модернизациялоого каражат жок

Бишкек шаардык кеңешинин "2026-жылга Бишкек шаарынын бюджетин жана 2027–2028-жылдарга пландуу мезгилди бекитүү жөнүндө" токтом долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларында биринчи вице-мэр Мирлан Байгөнчөков мэриянын шаардагы бардык инженердик тармактарды кеңири масштабда алмаштырууга азырынча мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.

Буга чейин шаар тургуну жылуулук тармактарын жаңылоо маселесин көтөргөн.

"Эгер баарын бир учурда алмаштыра баштасак, жөнөкөй тил менен айтканда, шаарды аңтар-теңтер кылабыз", — деди ал.

Анын айтымында, мэрия орто мөөнөттүү план иштеп чыгып, ошол алкакта иш алып барат.

"Шаардын мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болгондуктан, бюджеттин алкагында иштейбиз. “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы шаар балансына өткөнүнө эки жыл болду. Биз магистралдык тармактарды — жылуулук, суу түтүктөрүн жана канализация системаларын алмаштыруу үчүн каражат керектигин көтөрүп, Кабинет министрине маалымат берип жатабыз", — деди Мирлан Байгөнчөков.

Мындан тышкары окуңуз

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алайда үйлөрү зыянга учураган 2 жаранга кенемте төлөндү

Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов кырсыктан улам чыгымга учураган жарандарга Мамлекеттик камсыздандыруу уюму берген камсыздандыруу кенемтелерин тапшырды. Аймактын мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, 27-июнда катуу шамалда үйүнүн чатыры жабыркаган Жекенди айылынын тургуну Ж. Өмүрзаковго 50 миң сомдук, ал эми 29-июлда турак жайында өрт чыккан Н. Ормоновго 400 миң

“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” тиркемеси аркылуу бала бакчага катталууга болот

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде “Балалык” тутумунун билдирүүлөрү ишке киргизилди. Мындан ары ата-энелер бала бакчага баласын каттоо тууралуу арызынын статусу боюнча ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу “Түндүк” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эми “Түндүк” арызды кезекке туруу, орун бөлүү жана баланы кабыл алуу, кабыл алуудан баш тартуу, ошондой эле бала бакчадан

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Сузактагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу кайра жанданат

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Төбөй айылында курулушу токтоп калган "Баластан" бала бакчасынын курулушу улантылат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу 2025-жылдын июнь айында башталган. Алгач курулуш иштери демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен жүргүзүлүп, кийин токтоп калган. Эми курулуштун

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышынын жалпы байгеси 3 миллион сом болот

Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, айтыш 2-4-сентябрда өтүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын төкмө акындары катышат. Маданият министрлигинин айтымында, сынактын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл