Кыргызстан Швейцарияга 1.2 млрд долларга алтын экспорттогон – Улутстатком муну өз отчётунда жашырган
Кыргызстан Швейцарияга 1.2 млрд долларлык алтын саткан. Бирок бийликтер аны белгисиз себептерден улам жашырып келет. Factcheck.kg-нин редакциясы иликтөө жүргүзүп, эл аралык жана улуттук маалыматтарды салыштырып, Улутстаткомдун отчетторундагы боштуктарды аныктады. Айкын болгондой, Trademap эл аралык соода статистикасынын маалыматтары менен Улутстаткомдун расмий отчетторунда өтө чоң айырмачылыктар бар. Ошентип, Trademap маалыматына