Бизнесмендердин беделин көтөрүү максатында «КРнын эмгек сиңирген ишкери» ардактуу наамы иштелип чыкты

Бизнесмендердин беделин көтөрүү максатында «КРнын эмгек сиңирген ишкери» ардактуу наамы иштелип чыкты

25-августта Экономика жана коммерция министрлиги министрлер кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин катчылыгы менен биргеликте өлкөнүн бизнес-коомчулугунун катышуусунда тегерек стол өткөрүп, анда Бизнес күн тартиби 2026-жылга чейин бизнес үчүн жана башка бир катар маанилүү документтер талкууланганын билдирди.

Маалыматка ылайык, тегерек столдун катышуучуларына «КРда ишкердикти өнүктүрүү, колдоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоору жана КР жарандарынын кызматтык паспортторун алуу укуктарынын критерийлерин аныктоо боюнча бир катар документтер сунушталган жана анын ичинде ишкерлерге ардактуу наам берүү боюнча да документ каралган.

“КР ата мекендик компанияларга «КРнын эмгек сиңирген ишкери» ардактуу наамы министрлик тарабынан президенттин «КРнын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгынын алкагында иштелип чыккан”, – деп айтылат билдирүүдө.

Тегерек столдун жүрүшүндө министрдин орун басары Айнура Үсөнбекова жыйындын катышуучуларын 2026-жылга чейин бизнестин бизнес-күн тартибинин долбоорунун түзүмү менен тааныштырып, акыркы жылдары өлкөдө, аймакта жана дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эске алып, сунушталган документтин мындан аркы өнүгүүнүн жаңы көз карашын калыптандыруудагы актуалдуулугун белгилеген.

Документти иштеп чыгууда орто мөөнөттүү келечекте ишке ашырыла турган так чараларды аныктоо менен долбоордук-программалык ыкма колдонулат, ал эми чаралар статус-квону өзгөртүү принциби менен түзүлөт.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча пикир жана сунуштар менен алмашкандан кийин бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү келип түшкөн документтерге өз көз караштарын жана сунуштарын министрликке беришет.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500