Кыргызстан Швейцарияга 1.2 млрд долларга алтын экспорттогон – Улутстатком муну өз отчётунда жашырган

Кыргызстан Швейцарияга 1.2 млрд долларга алтын экспорттогон – Улутстатком муну өз отчётунда жашырган

Кыргызстан Швейцарияга 1.2 млрд долларлык алтын саткан. Бирок бийликтер аны белгисиз себептерден улам жашырып келет. Factcheck.kg-нин редакциясы иликтөө жүргүзүп, эл аралык жана улуттук маалыматтарды салыштырып, Улутстаткомдун отчетторундагы боштуктарды аныктады.

Айкын болгондой, Trademap эл аралык соода статистикасынын маалыматтары менен Улутстаткомдун расмий отчетторунда өтө чоң айырмачылыктар бар.

Ошентип, Trademap маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстан Швейцарияга жалпы баасы 1.2 млрд долларга барабар рекорддук көлөмдөгү 21 тонна алтын экспорттогон (бир тоннанын баасы 57 млн доллар).

Ал эми расмий статистика боюнча Кыргызстан Швейцарияга болгону 1 тонна, ал эми 19.2 тонна алтынды “аныкталбаган өлкөгө” жөнөткөн.

Ошондой эле Trademap маалыматы боюнча Тайланд менен Кытайга 1 тоннадан алтын бир топ арзан баада – 36 млн доллар жана 37 млн долларга сатылган. Бирок Улутстаткомдун отчётторунда бул өлкөлөр да көрсөтүлгөн эмес.

Factcheck белгиленгендей, Кыргызстандын расмий статистикасында көрсөтүлбөгөн дагы бир нече өлкө бар – Сингапур жана Гонконг. Аларга сатылган алтындын бир аз үлүшү туура келген – экспорттун жалпы көлөмүнүн 0.1%ы жана 1.4%ы.

Улуу Британияга 4 тонна жеткирилген, бул жерде Trademap менен Улутстаткомдун маалыматтары дал келет, бирок алтындын баасы эмес. Расмий статистика алтындын тоннасы 57 млн доллардан, ал эми Trademap-те 58 млн доллардан сатылганы көрүнүп турат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500