«Альянс Алтын» компаниясы 7.6 млрд сом салык төлөдү

«Альянс Алтын» компаниясы 7.6 млрд сом салык төлөдү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы август айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 7.6 млрд сом салык төлөсө, анын ичинен 4.9 млрд сому алтынды саткан каражаттан түшкөн. Бул тууралуу компаниянын каржылык отчетунда айтылат.

Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан 513 млн 899 миң сом төлөнгөн, анын ичинен:

  • Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (50%) — 256 млн 949 миң сом
  • Талас районунун өнүктүрүү фондуна (30%) — 154 млн 169 миң сом
  • Бекмолдо айылдык Кеңешинин өнүктүрүү фондуна (20%) – 102 млн 779 миң сом бөлүнгөн.

Авгус айына карата «Альянс Алтын» ЖЧКсында жалпысынан 759 кызматкер иштейт:

  • Бишкектен – 99 жумушчу (кызматкерлердин жалпы санынын 13%)
  • башка аймактардан – 1862 кызматкер (28%)
  • Талас облусунан – 475 жумушчу (72%), анын ичинен Бекмолдо айылдык кеңешинен – 200 кызматкер (Талас облусундагы кызматкерлердин жалпы санынын 24%).

Кошумча окуңуз:

«Альянс Алтын» Кыргызстандагы эң мыкты салык төлөөчү 10 компаниянын катарына кирди

«Альянс Алтын» Талас облусун өнүктүрүү үчүн Венгер-Кыргыз фонду менен кызматташат

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500