Токиодо 400 тонна кыргыз балын Японияга экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду
Кечээ, 10-августта Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин көмөгү менен эки өлкөнүн ишкерлеринин биргелешкен ишинин жыйынтыгында 400 тонна кыргыз балын экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Документке Токиодо Japan style жана Yamada Bee Company Group ортосунда Sojitz соода компаниясынын катышуусунда кол коюлган. Келишимге ылайык, бал