Унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатуудан эки айда бюджетке 70 млн сом түштү

Унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатуудан эки айда бюджетке 70 млн сом түштү

Унаалардын каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү башталгандан тартып 8-августка чейин 864 уруксат кагазы катталган. Өлкө бюджетине 69.7 млн сом түшкөн. Бул тууралуу 9-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме унааны тонировкалоого уруксат алууну каалаган ар бир жаран автоунаанын каттоо күбөлүгү жана паспорту же ишеним каты менен «Унаа» мамлекеттик мекемесинин каалаган каттоо бөлүмүнө кайрылса боло тургандыгын эскертет. Каттоо процедурасы 30 мүнөттөн ашпайт.

Уруксат алуунун баасы төмөндөгүдөй:

  • жеке жактарга – 80 миң сом
  • юридикалык жактарга – 100 миң сом
  • башка өлкөнүн жарандарына – 120 миң сом

«Социалдык тармактарда уруксат кагаздарын арзан баада берүү тууралуу жарыялардын баары жалган Алдамчыларга жол бербөө үчүн Унаа МИ мамлекеттик мекеменин аймактык бөлүмдөрүнө гана кайрылууну өтүнөт», – деп билдирди ИИМден.

Уруксат 1 жылдык мөөнөткө берилет, эгерде менчик ээси уруксаттын мөөнөтү аяктаганга чейин колдонуудан баш тартса, төлөнгөн жыйым уруксатты пайдалануу мөөнөтүнө карабастан кайтарылбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500