Бишкекте ЕРӨБ каржылаган таштанды полигонунун курулушу бүтпөй келет - долбоорду кечиктиргендиги үчүн КР 14 млн сом айып төлөйт

Бишкекте жаңы таштанды полигонунун курулушу жана эскисин рекультивациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, долбоор Бишкектин тиричилик таштандыларын башкаруу системасын жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Эске салсак, ЕРӨБ таштанды төгүүчү жайга бөлгөн 22 млн евронун 11 млн евросу гана калган. 2013-жылы Кыргызстандын өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосунда “Бишкектеги тиричилик таштандыларын башкаруу системасын жакшыртуу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга кол коюлган. Анда таштандыларды кайра иштетүүчү жана сорттоочу заводдун курулушу каралган. Долбоордун алкагында борборго 22 млн евро бөлүнгөн болчу. Бул акчанын жарымы КР пайыз менен төлөй турган насыя түрүндө берилген.

Жаңы таштанды төгүүчү жайды ачуу жана эскисин рекультивациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу кечеңдегенине байланыштуу Бишкек пайдаланылбаган каражат үчүн 14 млн сом өлчөмүндө айып төлөйт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды