«Манас» аэропортунун директору өлкөдөгү 23 авиакомпаниянын өкүлдөрүн жолугушууга чакырды - аэропорт инвесторлорго өтүүсү күтүлүүдө

«Манас» аэропортунун директору өлкөдөгү 23 авиакомпаниянын өкүлдөрүн жолугушууга чакырды - аэропорт инвесторлорго өтүүсү күтүлүүдө

«МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы ата мекендик жана чет өлкөлүк авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу башкы аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы – башкы директору Манасбек Самидинов 9-10 август күндөрү Кыргызстанда ишмердүүлүгүн алып барган авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууга «МЭА» ААКтын өнөктөштөрү – ата мекендик жана чет өлкөлүк «Авиа Траффик Компани», «Тез Джет», «Эйр Манас», «Аэро Номад Эйрлайнс», «Авиакомпания «АэроСтан», «Моалем Эвиейшн», «Авиакомпания «САПСАН», «Авиакомпания «Хунну Эйр», «Северный Ветер», «Аэрофлот», «Турецкие авиалинии Инк», «Узбекские авиалинии», «Авиакомпания «Сибирь», «Эйр Астана», «Авиакомпания «Уральские авиалинии», Air Arabia, «Silk Way Airlines»/ «Silk Way West Airlines», Jazeera Airways K.S.C.P., China Southern Airlines, Fly Dubai, Pegasus Airlines, S7 Airlines, Nordwind авиакомпанияларынын өкүлдөрү чакырылган.

“Жолугушуу учурунда өндүрүштүк жана коммерциялык сууролорго көңүл бурулуп, кызматташтыкты кеңейтүү пландары талкууланды”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, “Манас” эл аралык аэропортун” (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) тышкы башкарууга берүү боюнча ачык сынакты сентябрда өткөрүү пландалууда. Азырынча ага Германия менен Түштүк Корея кызыкдарлыгын билдиришкен.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алайда табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири иштер аткарылууда

Алай районунда сел, жер көчкү жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Гүлчө шаарына караштуу Чакмак айылында жер көчкү коркунучун жоюу үчүн ӨКМдин атайын долбоору менен курулган дамбанын курулушу 100% аяктады. Сыноо иштеринен кийин бул аймактагы 13 турак үйгө жана

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Чет өлкөлүк жарандарга 2 млн 701 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көл облусунда “Нелегал-2026” ыкчам-профилактикалык рейди өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди. Маалыматка ылайык, 13-21-август аралыгында чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект жана 1015 чет өлкөлүк жарандын документтери текшерилген. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран аныкталып, аларга жалпы 2 млн 701 миң 500