Назира Абдиева

Долларды нак акчага айландырууда алынган комиссиянын өлчөмүн банктар өздөрү бекитет - Улуттук банк

Долларды нак акчага айландырууда алынган комиссиянын өлчөмүн банктар өздөрү бекитет - Улуттук банк

Улуттук банк, бүгүн, 28-июлга карата банк секторундагы жана валюта рыногундагы жагдай тууралуу кенен маалымат берди. Анда регулятор банктардын маалыматтарына ылайык, АКШ долларын нак акчага айландыруу үчүн комиссиянын минималдуу өлчөмү нак акчага айландырылып жаткан чет өлкө валютасынын суммасынан 0.4%, ал эми максималдуу өлчөмү 5%ды түзөрүн айтат. “Мында банк мыйзамдарында

Карыз бар үчүн өлкөдөн чыгууга чектөө коюлганын кантип текшерсе болот? Жогорку Соттон жооп

Карыз бар үчүн өлкөдөн чыгууга чектөө коюлганын кантип текшерсе болот? Жогорку Соттон жооп

Чек арадан өтүп жатканда жаран мамлекеттик мекемелерге кандайдыр бир карызкор экенин билип, күтүлбөгөн жагдайларга туш болбоо үчүн карызын КРнын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин расмий сайтынан текшерүүгө болорун аталган мекеме билдирди. Сот департаментинин расмий сайтындагы “Карыз абалын текшерүү» рубрикасы аркылуу, ар бир жаран өзүнүн идентификациялык коду менен карызкор катары ал

Комбанктар которулган акчаны накталай акча алмаштыруу курсу менен гана конвертациялай алышат

Комбанктар которулган акчаны накталай акча алмаштыруу курсу менен гана конвертациялай алышат

Коммерциялык банктар которулган акчаларды маалымат тактасында көрсөтүлгөн накталай акча алмаштыруу курсу боюнча гана конвертациялай алышат. Мындай өзгөртүүлөр кечээ, 27-июлда Улуттук банктын “КРда акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүргүзүү эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна киргизилген. Төлөм системалары башкармалыгы чечимди бир күндүн ичинде коммерциялык банктарга жана акча которуу системасынын операторлоруна жеткирүүгө милдеттүү.

Садыр Жапаров «Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров «Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, бул ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү, жагымдуу салык климатын түзүү максатында жарлык түзүлдү. * кассалык чектерди бербөө бөлүгүндө ККМди колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн биринчи укук бузуу үчүн эскертүү түрүндө жаза колдонууну жана кийинки укук бузуулар

Көмүр 1-августтан баштап сатыла баштайт

Көмүр 1-августтан баштап сатыла баштайт

1-августтан баштап бардык мамлекеттик отун сатуу пунктарында калкка көмүр сатыла баштайт. Бул тууралуу маалымат жыйынында журналисттерге Энергетика министри Доскул Бекмурзаев айтканын 24.kg билдирди. Анын айтымында, мамлекет көмүрдү үзгүлтүксүз ташууга аракет кылат, көмүргө байланыштуу эч кандай маселе болбойт жана күз-кыш мезгилинде көйгөй жаралбайт. «Өзүбүздү өзүбүз көмүр менен камсыз кылышыбыз керек.

«Альянс Алтын» Талас облусун өнүктүрүү үчүн Венгер-Кыргыз фонду менен кызматташат

«Альянс Алтын» Талас облусун өнүктүрүү үчүн Венгер-Кыргыз фонду менен кызматташат

Кечээ, 27-июлда «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов менен Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Темирбек Эркинов өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшканын «Альянс Алтын» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди. Меморандумдун максаты – узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат. Темирбек Эркинов белгилегендей, «Альянс Алтын»

Кыргызстан Кореяга 27 млн доллар карыз. Эч ким мойнуна албайт, ким төлөйт? - «ПолитКлиника»

Кыргызстан Кореяга 27 млн доллар карыз. Эч ким мойнуна албайт, ким төлөйт? - «ПолитКлиника»

“ПолитКлиника” медиасынын журналисттери мындан 24 жыл мурда же 1998-жылы кыргыз өкмөтү гарант болуп, “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов башында туруп, Кыргыз улуттук университетине (КУУ) караштуу Медициналык борбор үчүн жабдуулар түрүндө Түштүк Кореядан 8.5 млн насыя алганын, ал насыянын пайызы өсүп отуруп, учурда 27 млн долларга жеткенин кенен изилдеп

Токтогул суу сактагычына 4 млн даана толстолоб балыгынын личинкалары коё берилди

Токтогул суу сактагычына 4 млн даана толстолоб балыгынын личинкалары коё берилди

Токтогул суу сактагычында балык запастарын көбөйтүү жана сактоо максатында 4 млн даана толстолоб балыгынын личинкалары коё берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Балыктандыруу иш чарасы «Максимум Фиш» ЖЧКсы тарабынан уюштурулуп, «Токтогул балык чарбасы» мамлекеттик мекемесинин, «Токтогул балыгы» ЖЧКсынын өкүлдөрү, КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий кызматкерлери

Электр энергиясына арзан тарифтерди колдоого 6 млрд сом бөлүнөт

Электр энергиясына арзан тарифтерди колдоого 6 млрд сом бөлүнөт

Калк үчүн төмөн тарифтерди колдоого 6 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу кечээ, 27-июлда маалымат жыйынында Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин тиешелүү токтомго кол коюлган. Бул акча калк үчүн тарифтерди субсидиялоого жумшалат. Энергетика министрлиги 2021-жылдын аягында электр энергиясынын өздүк наркы 1 кВт/саатка 1.5 сомдон ашканын

Кара-Балта спирт заводу этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сатууга өзгөчө укук алат

Кара-Балта спирт заводу этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сатууга өзгөчө укук алат

Кара-Балта спирт заводу этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, өндүрүлгөн жана өлкөгө алынып келинген этил спиртин сатууга өзгөчө укук алышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышуу учурунда билдирди. Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып өлкө аймагында этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо

КР менен Кытай 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү программасына кол коюшту

КР менен Кытай 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү программасына кол коюшту

Экономика министри Данияр Амангелдиев менен Кытайдын коммерция министринин орун басары Ван Шоувен 2030-жылга чейин соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү программасына кол коюшту. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 15-жыйыны видеоконференцбайланыш режиминде өттү. “Кеңешмеде инфраструктуралык жана ирригациялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду, атап айтканда, алардын катарында Чүй айланма каналынын, «Кытай – Кыргызстан

Оштон Бишкекке билет жок же өтө кымбат. Эки компания монополия кылып алды - Ош калкы нааразы

Оштон Бишкекке билет жок же өтө кымбат. Эки компания монополия кылып алды - Ош калкы нааразы

“Ош шаарым” деп аталган “Фейсбуктагы” баракчада Дастанбек Аматов аттуу жарандын Ош – Бишкек аба каттамы боюнча билеттердин кымбаттыгы жана аны эки компания монополияга айлантып алгандыгы тууралуу жазганы башкалардын да көңүлүн буруп, аны 500дөй адам бөлүшкөн. Анын айтымында, Оштон Бишкекке билет жок, болсо дагы 3500 сомдон жогору. “Эки компания монополия кылып, элди