Кара-Балта спирт заводу этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сатууга өзгөчө укук алат

Кара-Балта спирт заводу этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сатууга өзгөчө укук алат

Кара-Балта спирт заводу этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, өндүрүлгөн жана өлкөгө алынып келинген этил спиртин сатууга өзгөчө укук алышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышуу учурунда билдирди.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып өлкө аймагында этил спиртин өндүрүү, импорттоо, сактоо жана сатууга жүз пайыз мамлекеттик монополия киргизилет.

«Бул чечим этил спиртин өндүрүү, ташып келүү, сактоо жана сатуу чөйрөсүндө натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыздоого, этил спиртинин контрабандасына жана контрафакттык продукцияны колдонууга бөгөт коюуга, бюджетке салык төлөмдөрүнүн толук түшүүсүн камсыздоого багытталган.

Кара-Балта спирт заводу – өнөр жай өндүрүшүнүн флагмандарынын бири, анын толук кандуу иштеши үчүн бардык чараларды көрүүгө тийишпиз. Кара-Балта спирт заводунда этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, өндүрүлгөн жана өлкөгө алынып келинген этил спиртин сатууга берилген өзгөчө укукту ишке ашыруу үчүн бардык өбөлгөлөр бар деп эсептейм», – деди Төрөбаев.

Белгилей кетсек, «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасын түзүү чечими 2000-жылдын 21-февралында кабыл алынган, анын негизги ишмердүүлүгү этил спиртин өндүрүү болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, аукционго жалпы 106 лот коюлат. Ачык аукцион 24-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дарегинде өткөрүлөт. Аукционго катышуу үчүн арызды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берүү

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрге жүктөлгөн эмгектик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган. Чечим “Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жана Эмгек кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун