«Альянс Алтын» Талас облусун өнүктүрүү үчүн Венгер-Кыргыз фонду менен кызматташат

«Альянс Алтын» Талас облусун өнүктүрүү үчүн Венгер-Кыргыз фонду менен кызматташат

Кечээ, 27-июлда «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов менен Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Темирбек Эркинов өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшканын «Альянс Алтын» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Меморандумдун максаты – узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү түзүү жана өнүктүрүү болуп саналат. Темирбек Эркинов белгилегендей, «Альянс Алтын» Талас облусун өнүктүрүүгө басым жасайт жана Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ар кандай долбоорлорду каржылоого жана Венгриянын жабдууларын сатып алууга жардам берүүгө даяр.

«Алдыда чоң долбоорлор турат, аларды ишке ашырууга Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташуу буга жардам берет деп ишенем. Биргелешип Талас облусу үчүн көп иштерди жасай алабыз», – деди Сабир Рахматов.

Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга макулдашышты:

  • Талас облусунда кичи жана орто бизнес тармагындагы бизнес-долбоорлорду алдыга жылдыруу жана ишке ашыруу
  • Жаңы өндүрүштүк кубаттуулукту жана жумушчу орундарды түзүүгө көмөктөшүү
  • Талас облусунун ишкерлери менен Венгриянын ортосундагы байланыштарды түзүү
  • Долбоорлорду, анын ичинде инновациялык долбоорлорду каржылоонун шарттары жөнүндө маалымат берүү
  • Венгрияда жасалган товарларды, кызматтарды жана жабдууларды издөө
  • Рыноктун ар кандай сегменттери боюнча аналитикалык жана статистикалык маалымат алмашуу
  • Мал чарбасын, сүт азыктарын өнүктүрүү жана аларды сатууга көмөктөшүү.

Мындан тышкары окуңуз

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, аукционго жалпы 106 лот коюлат. Ачык аукцион 24-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дарегинде өткөрүлөт. Аукционго катышуу үчүн арызды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берүү

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрге жүктөлгөн эмгектик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган. Чечим “Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жана Эмгек кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

"Джунда“ заводунда Евро-5 күйүүчү майын өндүрүү пландалууда

Кыргызстанда "Джунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорунун кийинки этабы башталат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Министрлер Кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду. Документ "Джунда" заводун