Токтогул суу сактагычына 4 млн даана толстолоб балыгынын личинкалары коё берилди

Токтогул суу сактагычында балык запастарын көбөйтүү жана сактоо максатында 4 млн даана толстолоб балыгынын личинкалары коё берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Балыктандыруу иш чарасы «Максимум Фиш» ЖЧКсы тарабынан уюштурулуп, «Токтогул балык чарбасы» мамлекеттик мекемесинин, «Токтогул балыгы» ЖЧКсынын өкүлдөрү, КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий кызматкерлери жана Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Токтогул районунун аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлгөн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды