Жалал-Абадда кургак талаага 315 га алча багы отургузулду
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүндөгү 315 гектар кургак жана түшүмсүз жерге алча (гилас) багы эгилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул долбоорду ишке ашырууга 44 млн сом сарпталган. Бак Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд тарабынан каржыланган “Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын комплекстүү башкаруу” долбоорунун