Кыргызстанда 300 млн долларга метан куюучу станцияларды куруу пландалууда

Кыргызстанда 300 млн долларга метан куюучу станцияларды куруу пландалууда

Кыргызстанда метан газын куюучу жайлардын инфраструктурасын түзүүгө 300 млн доллардык инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын Инвестициялык агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Бул долбоор агенттиктин директорунун орун басары Нуржан Бардиновдун Carousel Bio Energy компаниясынын негиздөөчүсү Жафар Хилали менен жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда табигый метан газын куюучу станцияларды куруу, ошондой эле транспортко газ баллондук жабдууларды орнотуу, мотор майын өндүрүү боюнча тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды, деп белгиледи агенттик.

Бул долбоорду ишке ашыруу – айдоочулардын күйүүчү майга кеткен чыгымдарын азайтып, экологияны сактоого оң таасирин тийгизет. Долбоордун алдын ала баасы 300 млн долларды түзөт.

Carousel Bio Energy сайтында бул Лондондо жайгашкан таза энергия менен соода кылуучу компания экени айтылат. “Дүйнө айлана-чөйрөгө көбүрөөк кам көрө баштады, биз да альтернативдик энергия булактарын камсыз кылуу менен, казылып алынчу отундарды колдонууну азайтууга жардам бергибиз келет”, – деп белгилейт компания.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол