Жогорку Кеңеш Кыргызстанда казино ачуу боюнча мыйзамды кабыл алды

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда казино ачуу боюнча мыйзамды кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 22-июнда пленардык жыйында дароо өткөн экинчи жана үчүнчү окууда Кыргызстанда чет элдик жарандар үчүн казино ачуу боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алышты. Мыйзамдын кабыл алынышына бөгөт коюуга карабастан, акыркы добуш берүү өттү деп табылды.

Мыйзамды кабыл алууга 59 депутат “макул”, 7 депутат “каршы” добуш берди.

Кабыл алынган чечим менен депутаттар “Кыргыз Республикасындагы кумар оюндары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына оюн-зоок иши боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун колдоп беришти.

Мурда маалымдалгандай, бул долбоорлор Кыргызстандын аймагында оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүнүн укуктук негиздерин, мамлекеттик жөнгө салууну, ошондой эле оюн-зоок жайларын түзүүнүн жана кармоонун тартибин, кумар оюндарын уюштуруунун жана аларга лицензия берүүнүн тартибин аныктайт.

Ошондой эле, Кыргызстанда кумар оюндары ишкердик ишмердүүлүктүн лицензияланган түрү боло тургандыгы айтылды. Лицензиялар акы төлөнүүчү негизде берилет. Долбоордо лицензия үчүн төлөмдүн өлчөмүн министрлер кабинети аныктоосу сунушталган.

Эми бул мыйзам долбоорлоруна президент Садыр Жапаров кол коюшу керек.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.