Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо үчүн кошумча 50 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо үчүн кошумча 50 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк микро, кичи жана орто ишканаларга (МОБ) кошумча 50 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги уюштурган тегерек столдун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын өкүлү Эмико Тодороки билдирди.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков өз сөзүндө финмин Дүйнөлүк банк менен биргеликте “Чакан жана орто бизнести тез арада колдоо” долбоорунун каржылык колдоосунун экинчи фазасын иштеп чыкканын, анын суммасы 50 млн долларды түзгөнүн баса белгиледи. Анын 25 миллиону Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын гранты, дагы 25 млн доллары кредитке берилген.

«Кошумча каржылоону алуу боюнча буга чейин Финансы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимге кол коюлган, биз аны жакында Жогорку Кеңештин ратификациялоосуна алып чыгабыз», – деди Татиков.

Эмико Тодороки өз кезегинде Дүйнөлүк банк Кыргызстандын антикризистик планына финансылык колдоо көрсөткөнүнө кубанычта экенин белгиледи.

«Биз кошумча каржылоо боюнча чечимди жакында, ушул жылдын 29-апрелинде кабыл алганбыз жана парламенттин ратификациясын күтүп жатабыз. Бул 50 млн доллар Кыргызстандын бизнеси кризиске туруштук берип гана тим болбой, андан ары өнүксүн деп кошулуп жатат», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол