Назира Абдиева

Кыргызстанда эт кескин кымбаттады: килограммынын баасы 600 сомдон ашты

Кыргызстанда эт кескин кымбаттады: килограммынын баасы 600 сомдон ашты

Кыргызстанда бүгүнтөн баштап эттин дүң жана чекене баасы жогорулады. Бул тууралуу 24.kg билдирди. Аталган маалыматтык агенттиктин окурмандарынын айтымында, эттин дүң баасы дароо 40-50 сомго – 530-550 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми дүкөндөрдө, базарларда чекене баалар 600-700 сомго чейин жетти. Баалар дагы жогорулашы күтүлүүдө. «Сатуучулар мындай көрүнүш Кыргызстанда эттин аздыгынан болуп

100 миң сомдон ашык карызы бар салык төлөөчүлөр өлкөдөн чыгарылбайт

100 миң сомдон ашык карызы бар салык төлөөчүлөр өлкөдөн чыгарылбайт

Салык кызматы салыктык карызы бар салык төлөөчүлөргө карата чектөө чараларын көрүүнү улантууда, деп билдирди Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы. 2022-жылдын 1-июнуна карата салык органдарынын арызынын негизинде сот аткаруучулардын кызматтары тарабынан жалпы суммасы 7 млрд 683.9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар 1001 салык төлөөчүгө карата алдын

Кыргызстандыктар той өткөрүүгө канча акча коротушат?

Кыргызстандыктар той өткөрүүгө канча акча коротушат?

Кыргызстанда тойдон көп нерсе жок: үйлөнүү тою, юбилей, жентек-той, тушоо-той, сүннөт-той, акыркы убакта күч алган кыз узатуу тою жана башка майрамдар. Катардагы үй-бүлө бир тойго канча акча кетирерин 24.kg эсептеп чыккан. Тойлор азыр көбүнчө тойканаларда өткөрүлөт. Бишкекте орточо эсеп менен бир адамга 1000 сом кетет. Бул суммага ресторан суюк

Сибирь аймагынан туристтердин агымы көбөйүшү күтүлүүдө

Сибирь аймагынан туристтердин агымы көбөйүшү күтүлүүдө

Сибирь аймагындагы туристтик компаниялар жана туроператорлор үчүн Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө багытталган көргөзмө болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 2022-жылдын 14-июнунда Новосибирск шаарында Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти, КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, КР Тышкы

Ишкер айымдар бизнесин өнүктүрүү үчүн быйыл дээрлик жарым миллиард сом алышты

Ишкер айымдар бизнесин өнүктүрүү үчүн быйыл дээрлик жарым миллиард сом алышты

Үстүбүздөгү жылдын беш айында «Кепилдик фонду» ААКсы чакан жана орто бизнестеги аялдардарга 100 млн сомго жакын суммага 62 кепилдик берүү менен колдоо көрсөттү. Бул тууралуу аталган фонддун маалымат кызматы билдирди. Бул кепилдик берүү ишкер айымдарга 473 млн сомдон ашык суммадагы кредиттик ресурстардан алууга мүмкүндүк берди. Бардыгы болуп «Кепилдик фонд» ААК

Кыргыз шырдактары Нью-Йоркто: аймактарда миң аялга шырдак жасоону үйрөтүп, экспортко чыгарган Алия Рахман

Кыргыз шырдактары Нью-Йоркто: аймактарда миң аялга шырдак жасоону үйрөтүп, экспортко чыгарган Алия Рахман

Nakta Designs – бул шырдак чыгарып, Европага жана АКШга саткан ишкана. Анын Umai Rug (“Умай килеми”) аталган шырдактарынын бири дүйнөгө таанымал A’Design Award & Competition сынагында күмүш сыйлыкка ээ болгон. Алгач Nakta Designs экспортко гана багытталган, бирок акыркы жылдары Кыргызстанда жана Казакстанда алардын продукциясына суроо-талап күчөп, эми продукциянын жарымы жергиликтүү

Биз көчөнү эле жылытып жатабыз – Кыргызстанда энергия үнөмсүз пайдаланып жаткандыгы жөнүндө эксперттин пикири

Биз көчөнү эле жылытып жатабыз – Кыргызстанда энергия үнөмсүз пайдаланып жаткандыгы жөнүндө эксперттин пикири

Кыргызстан энергияны натыйжалуу пайдалануу боюнча дүйнөлүк рейтингде 15-орунда турат. Бул тууралуу “Юнисон Групптун” президенти Нурзат Абдырасулова «Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары жана энергияны натыйжалуу пайдалануу аркылуу энергетика тармагын өнүктүрүү» жыйынында билдирди, деп жазат 24.kg. Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясынын жетишпей жатканына карабастан, Кыргызстандын бийлиги энергияны үнөмдөөгө көңүл бурбай жатат.

Эми кыргызстандык өндүрүүчүлөр соода түйүндөрүнө 5%дан ашпаган ретробонус коюмун төлөйт

Эми кыргызстандык өндүрүүчүлөр соода түйүндөрүнө 5%дан ашпаган ретробонус коюмун төлөйт

Ички соода жөнүндө мыйзамга жаңы өзгөртүүлөр ата мекендик өндүрүүчүлөр менен соода түйүндөрүнүн ортосунда өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн шарттарды түзөт. Бул тууралуу минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев агроөнөр жай комплексинин бизнес-ассоциацияларынын, соода түйүндөрүнүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген ички

Биз чийки зат эмес, даяр продукция сатышыбыз керек – айыл чарбачылар Россия менен кызматташуунун келечеги тууралуу

Биз чийки зат эмес, даяр продукция сатышыбыз керек – айыл чарбачылар Россия менен кызматташуунун келечеги тууралуу

«Кыргызцентрпродукт» ЖЧКсынын башкы директору Манас Белошаров белгилегендей, Кыргызстан агроөнөр жай комплексинин артыкчылыктарын натыйжалуу пайдалануусу зарыл. Бул тууралуу ал Эл аралык көп тармактуу бизнес миссиясынын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, өлкөдө миллиондогон тонна буудай өстүрүүгө жер жетишсиз. Бирок жаратылыш-климаттык шартыбызда суроо-талапка ээ болгон башка продукциялардын кеңири ассортиментин чыгарууга болот. «Биз кайра иштетүүгө

«Альянс Алтын» бюджетке 6.7 млрд сом салык төлөдү

«Альянс Алтын» бюджетке 6.7 млрд сом салык төлөдү

Июнь айына карата Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы республикалык жана жергиликтүү бюджетке 6.7 млрд сом салык төлөсө, анын ичинен 4.2 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан берилген. Бул тууралуу компаниянын каржылык отчетунда айтылат. Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан

«Инфокомдун» ишинен түшкөн таза киреше 122 млн сомду түздү

«Инфокомдун» ишинен түшкөн таза киреше 122 млн сомду түздү

Бүгүнкү күндө өлкөдө 34 жаңы форматтагы калкты тейлөө борборлору (КТБ) иштеп жатат, анын ичинен Бишкек шаарында 3 кичи КТБ иштейт. Мындай маалыматты санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Транспорт, коммуникациялар жана архитектура боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2021-жылы «Инфоком» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза киреше 122 млн сомду, 2020-жылы 72

Согуштун алгачкы эки айында Европа Россиядан 44 млрд доллардык отун сатып алган – Арнольд Шварценеггер

Согуштун алгачкы эки айында Европа Россиядан 44 млрд доллардык отун сатып алган – Арнольд Шварценеггер

Арнольд Шварценеггер Austrian World Summit климаттык саммитинде Европа өлкөлөрүн россиялык энергия алып жүрүүчүлөрдү (отундун бардык түрлөрү) сатып алуудан баш тартууга чакырды. Ал муну Россиянын согуш аракеттерин каржылоого барабар деп айтты. Бул тууралуу meduza билдирди. Арнольд Шварценеггер – Австрияда туулган америкалык актёр жана Калифорния штатынын мурунку губернатору – Вена шаарында өткөн Austrian World