Сибирь аймагынан туристтердин агымы көбөйүшү күтүлүүдө

Сибирь аймагынан туристтердин агымы көбөйүшү күтүлүүдө

Сибирь аймагындагы туристтик компаниялар жана туроператорлор үчүн Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө багытталган көргөзмө болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2022-жылдын 14-июнунда Новосибирск шаарында Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти, КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду, КР Тышкы иштер министирлигинин  Алтынчы саясий департаменти жана Новосибирск шаарындагы ири туроператорлордун бири «Глобус-Тур» компаниясынын көмөктөшүүсү менен Сибирдеги туристтик компаниялар жана туроператорлор менен кеңейтилген жолугушуу өткөрүп, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө багытталган презентациясын өткөрдү.

Башкы консул К.Маматалиев өз сөзүндө Кыргызстандын географиялык жана маданий жакындыгы, уникалдуу табигый кооз жерлери, жеткиликтүүлүгү жана жайкы, курорттук жана кышкы, лыжа туризминен тарта туристтик жана рекреациялык аймактардын кеңири тандоосу болушу мүмкүн болгондуктан, Сибирь жашоочулары үчүн кызыгууну жараткан эс алуу, ден соолукту чыңдоо жана жашоо үчүн сүйүктүү жай болуп каларын белгиледи.

Коронавирустук инфекцияга байланыштуу чектөө чараларынын алынып салынышын, ошондой эле Новосибирск-Тамчы багыты боюнча түз авиакаттамдардын кайра жанданышын эске алуу менен туризм тармагында кызматташууну активдештирүүгө чакырды.

Жыйынга Россиянын Сибирь аймактарынын ар кандай туристтик компаниялардын кыркка жакын өкүлдөрү, Россиялык «Сибирь» авиакомпаниясынын («S7») өкүлү, ошондой эле регионалдык ОТС телеканалынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын туризминин багыттары жана Ысык-Көлдө эс алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү. Ысык-Көл облусунун пансионаттарынын жана пансионаттарынын өкүлдөрү россиялык жарандардын эс алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, мындан аркы кызматташуу үчүн Сибирдин туризм багытында иш алып барган компаниялар менен байланыш түзүштү.

Кыргызстандын туристтик потенциалы менен кененирээк таанышуу үчүн Сибирдин туристтик компаниялары Ысык-Көлдүн курортторуна жана пансионаттарына барууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол