«Альянс Алтын» бюджетке 6.7 млрд сом салык төлөдү

«Альянс Алтын» бюджетке 6.7 млрд сом салык төлөдү

Июнь айына карата Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы республикалык жана жергиликтүү бюджетке 6.7 млрд сом салык төлөсө, анын ичинен 4.2 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан берилген. Бул тууралуу компаниянын каржылык отчетунда айтылат.

Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоо үчүн «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан 431 млн 756 миң сом төлөнүп, анын ичинен:

  • Талас облусунун өнүктүрүү фондуна (50%) — 215 млн 878 миң сом
  • Талас районунун өнүктүрүү фондуна (30%) — 129 млн 526 миң сом
  • Бекмолдо айылдык Кеңешинин өнүктүрүү фондуна (20%) – 86 млн 351 миң сом бөлүнгөн.

Март айына карата «Альянс Алтын» ЖЧКсында жалпысынан 707 кызматкер иштейт:

  • Бишкектен – 99 жумушчу (кызматкерлердин жалпы санынын 14%)
  • башка аймактардан – 186 кызматкер (28%)
  • Талас облусунан – 422 жумушчу (59%), анын ичинен Бекмолдо айылдык кеңешинен – 161 кызматкер (Талас облусундагы кызматкерлердин жалпы санынын 24%).

Белгилей кетсек, 2022-жылдын июнь айында «Альянс Алтын» компаниясы өзүнүн 7 жылдыгын белгилейт. Бул аралыкта компания Кыргызстан үчүн эмнелерди жасаганын бул жерден окусаңыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.