Кыргызстандыктар той өткөрүүгө канча акча коротушат?

Кыргызстандыктар той өткөрүүгө канча акча коротушат?

Кыргызстанда тойдон көп нерсе жок: үйлөнүү тою, юбилей, жентек-той, тушоо-той, сүннөт-той, акыркы убакта күч алган кыз узатуу тою жана башка майрамдар. Катардагы үй-бүлө бир тойго канча акча кетирерин 24.kg эсептеп чыккан.

Тойлор азыр көбүнчө тойканаларда өткөрүлөт. Бишкекте орточо эсеп менен бир адамга 1000 сом кетет. Бул суммага ресторан суюк тамак жана коюу тамак, салаттын эки түрүн даярдайт. Нан менен боорсок себети да ресторандан болсун десеңиз, ага кошумча төлөшүңүз керек болот.

Ош облусунда банкеттин эң аз баасы бир кишиге 850 сомду түзөт. Эреже катары, бул баа борбордогудай эле биринчи жана экинчи тамакты, эки-үч салатты камтыйт, бирок нан кирбейт.

Баткен облусунда көпчүлүк ресторандарда киши башына 400 сомдон, Жалал-Абадда 650 сомдон жана андан жогору баа алышат.

Нарында 750 сомдон 1200 сомго чейин, Ысык-Көлдө 800 сомдон жана андан жогору. Чүй облусунда орто эсеп менен банкеттик залда бир кишиден 700 сомдон, Талас облусунда 500 сомдон 1500 сомго чейин акча алышат.

Союлган уйдун орточо баасы 70 миң сом, жылкынын баасы 80 миң сом. Касапчыга өзүнчө акы төлөнөт, ал малды союп, этти жиликтерге бөлүп берет.

Конфеттердин орточо баасы килограммына 300 сомдон 600 сомго чейин, печенье250 сомго чейин жетет. Мөмө-жемиштин баасы мезгилге жараша болот. Алар жайында арзаныраак.

Кээ бир кыргызстандыктар диний себептерден улам алкоголдук ичимдиктери жок, “халал-той” өткөрүшөт. Бул чыгымдарды бир топ үнөмдөйт.

Майрамдын ээлери динчил болбосо, адатта дасторконго арак, коньяк, шарап коюшат. Акчасы көптөр ресторандын кире беришинде “саламдашуу суусундугун” уюштуруп, конокторду шампан менен сыйлашат. Бир бөтөлкө арактын орточо баасы дүң баада 450 сом, вино – 600, коньяк – 525, шампан – 500 сом. 100 кишиге ылайыкталган тойго эң аз дегенде 30 бөтөлкө арак, 8 бөтөлкө коньяк, 10 бөтөлкө вино кетет.

Орто эсеп менен бир кечке тамада жалдоо 500 доллар турат, бул доллардын азыркы курсу боюнча 40 875 сомду түзөт. Эгерде кафеде тиешелүү техника болбосо, анда аны ижарага алыш керек, бул орточо эсеп менен 200 долларды түзөт.

Той учурунда адатта сынактар өткөрүлөт, ага белек даярдоо керек. Эреже катары, жеңүүчүлөргө кичинекей сувенирлер, вазалар, тиричилик техникасы (бюджетке жараша) же идиштер берилет.

Мүмкүнчүлүгү барлар өздөрүнүн иш-чарасына улуттук эстрада жылдыздарын же бийчилерди чакырышат. Ар бир артист баасын өзү белгилейт. Бир жылдыз үч ырды орточо эсеп менен 200 доллардан башталган суммага ырдап берет.

Баары тойду телефондун камерасына тартып алышат, бирок баары бир көпчүлүк учурда бул үчүн фотограф жана видеооператор чакырылат. Фото жана видео тартуунун бир күндүк баасы орто эсеп менен 500 долларды түзөт (көбүнчө баасы жөнүндө сүйлөшүп алса болот). Бул суммага процесстин өзү эле эмес, атайын программада сүрөттөрдү жакшыртуу, ошондой эле видеомонтаж да кирет.

Ошентип, орто эсеп менен алганда, чакырылган коноктордун санына жараша, киши башына 2000 сом кетет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү энергетика маселесин талкуулашты

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү энергетика маселесин талкуулашты

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика тармагына жооптуу мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кезектеги кварталдык жумушчу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигенен билдиришти. Жыйынга энергетика министри Таалайбек Ибраев, “КУЭТ” ААКнын башкы директору И. Сыдыгалиев, “Электр станциялар” ААКнын башкы директору А. Садыров жана министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Бишкекте жашыл өсүмдүктөр зыянкечтерге каршы дарыланат

Бишкекте жашыл өсүмдүктөр зыянкечтерге каршы дарыланат

"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы жашыл өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо максатында комплекстүү дары чачуу иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаралар 25-апрелден тартып башталып, 15-майга чейин уланат. Бул иштер Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти менен биргеликте аткарылууда. Дары чачуу негизинен түнкү убакта жүргүзүлөт. Мындай

Жыргалаң курортунда 3 миң карагай көчөтү отургузулду

Жыргалаң курортунда 3 миң карагай көчөтү отургузулду

Ак-Суу районунда жайгашкан "Жыргалаң" лыжа курортунун аймагында ишембилик уюштурулуп, ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коому маалымдады. Иш-чаранын алкагында курорттун 3,5 гектар аянты жашылдандырылып, жалпысынан 3000 даана ийне жалбырактуу көчөт тигилди. Демилге аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жана жаратылышты коргоого багытталган.

"Менин шаарым" тиркемеси Бишкектеги самокаттарга көзөмөлдү күчөтөт

"Менин шаарым" тиркемеси Бишкектеги самокаттарга көзөмөлдү күчөтөт

Бишкек шаарында туура эмес токтотулган же ташталып кеткен электрсамокаттарга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү дагы да жеңилдеди. Эми шаар тургундары мындай учурлар боюнча түздөн-түз "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу кайрылуу жөнөтө алышат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Бул тиркеме бүгүнкү күндө шаар тургундары, муниципалдык кызматтар жана самокаттарды ижарага берүүчү компаниялар ортосундагы