100 миң сомдон ашык карызы бар салык төлөөчүлөр өлкөдөн чыгарылбайт

100 миң сомдон ашык карызы бар салык төлөөчүлөр өлкөдөн чыгарылбайт

Салык кызматы салыктык карызы бар салык төлөөчүлөргө карата чектөө чараларын көрүүнү улантууда, деп билдирди Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы.

2022-жылдын 1-июнуна карата салык органдарынын арызынын негизинде сот аткаруучулардын кызматтары тарабынан жалпы суммасы 7 млрд 683.9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар 1001 салык төлөөчүгө карата алдын алма иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Ал иш-чаралардын арасында өлкөдөн чыгууга чектөөлөр жана башка бир катар тыюу салуулар бар.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 251 салык төлөөчү жалпы суммасы 42.3 млн сомдук карызын төлөгөн.

Эске салсак, 100 000 сомдон ашык салык карызы бар салык төлөөчүлөр үчүн төмөнкү нерселерге тыюу салынышы мүмкүн:

  • өлкөнүн чегинен тышкары саякаттоого
  • кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча ар кандай аракеттерди жасоого
  • банктык операцияларды жүргүзүүгө
  • фамилиясын, атын, атасынын атын жана башка паспорттук маалыматтарды өзгөртүүгө
  • лотереялык утуштарды, акчалай жана/же белек катары алынган башка мүлктөрдү, материалдык жардам же мурас алууга
  • жана башка чаралар.

Мындан тышкары окуңуз

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адамдар кимдер?

Дүйнөдөгү эң бай адам катары акшлык Илон Маск турат. Анын бүгүнкү күндө 957 млрд долларлык байлыгы бар. Илон Масктан кийинки экинчи бай адам катары акшлык Лари Пейдж эсептелет. Ларри Пейдж Google компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси болуп саналат. Анын жалпы байлыгы 304 млрд долларды түзөт. 3-орунда 283 млрд доллар

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Зардалы айылына заманбап үйлөр курулат

Баткен облусунун Зардалы айылында заманбап турак жайлар курулат. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди. Анын айтымында, мурда жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүрүп жатат. Зардалы айылында акыркы жылдары электр энергиясы тартылып, уюлдук байланыш жана интернет ишке киргизилген, ошондой

КРдагы банктар 4 айда  9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРдагы банктар 4 айда 9,5 млрд сом таза киреше табышкан

КРнын Улуттук банкы өлкөнүн банк секторунун 2026-жылдын 30-апрелине карата өнүгүү тенденцияларын жарыялады. Ага ылайык, көрсөтүлгөн мезгилдин аралыгында 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган жана алардын тапкан таза кирешеси 9,5 млрд сомго жеткен. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, банк системасынын жалпы активдери төрт ай ичинде 28,

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

Эмгек министрлигинде качкындардын укуктарын коргоо маселеси каралды

24-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушту. Маалыматка ылайык, жолугушууда Досматов Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келерин белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосуна ыраазычылык билдирди.