Акылбек Жапаров мугалимдер менен врачтардын айлыгын жыл сайын 20% көтөрүп турууну убада кылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Тогуз-Булак айылындагы мектептин мугалимдери жана жашоочулары менен жолугушууда педагогдордун жана дарыгерлердин маянасын жыл сайын 20%га көтөрүүгө аракет кыла тургандыгын билдирди. «Буйруса быйыл 1-июндан тартып, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына пособиянын көлөмүн 850 сомдон 1200 сомго чейин жогорулатууну чечтик. Пенсиянын