«Айыл Банктын» уставдык капиталы бюджеттин эсебинен 2.5 млрд сомго көбөйдү
«Айыл Банк» ААК (мамлекеттик үлүшү 100%) уставдык капиталын 2.5 млрд сомго көбөйттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында банктын башкармалыгынын төрагасы Улан Букабаев билдирди. Анын айтымында, банкты кошумча капиталдаштырууга каражат республикалык бюджеттен каралган. Кошумча капиталдаштыруудан кийин «Айыл Банктын» уставдык капиталынын көлөмү 6 млрд 24 млн сомго жетти.