Энергетикалык кризис – Токтогулда суунун көлөмү 10.8 млрд куб метрге чейин түштү

Энергетикалык кризис – Токтогулда суунун көлөмү 10.8 млрд куб метрге чейин түштү

Бүгүн, 6-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 897 млн. м3 түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 166 м3, чыгышы 391 м3 болууда. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдинг» компаниясына караштуу «Электр станциялары» ишканасы билдирди.

Быйыл Нарын дарыясындагы суунун агып келиши аз болду. Натыйжада, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү азайып, бул өлкөдө энергетика тармагында кризистин күчөшүнө алып келди.

 Өткөн жылы суунун көлөмү 14 млрд 745 млн кубду түзсө, быйыл анын көлөмү 10 млрд 897 млн кубду түздү. Эскерте кетсек, ноябрдын башында эле 11 млрд 868 млн куб болчу.

Энергетиктердин эсебинде бир жылда 1 млрд кВт/с электр кубатын үнөмдөсө болот, бирок азыр электр энергиясын пайдалануу чектен ашып кеткен, анткени керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Буга байланыштуу мамлекет импорт маселесин карап келет. Учурда республика Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстандан электр энергиясын алуу боюнча келишимдери бар.

Күз-кыш мезгилин өткөрүүгө Кыргызстанга 2 млрд кВт/с жакын электр энергиясын импорттоо керек. Энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн болсо КР электр энергия өндүрүшүн 18 млрд киловатт-саатка чейин көбөйтүшү керек.

Economist.kg басылмасы тарабынан уюштурулган «Кыргызстан энергетикалык кризистен канткенде чыга алат?» деген темадагы тегерек столдо энергетиктер келип ойлорун ортого салышкан болчу. Анда эксперт Эрнест Карыбеков күз-кыш жылытуу мезгилинде электр энергиясын суткалык керектөө 60 млн кВт/сааттан ашса, ноябрдан мартка чейин Кыргызстан 9 млрд кВт/саатка жакын электр энергиясына муктаж деп айткан болчу. Ал 4 млрд кВт/саатты Токтогул ГЭСи, калган 2 млрд кВт/саатты каскаддар жана чакан ГЭСтер камсыз кыла аларын божомолдогон.

Ал эми «Юнисон Групп» компаниясынын президенти жана Кыргызстандагы Туруктуу энергияны каржылоо программасынын (KyrSEFF) менеджери Нурзат Абдырасулова энергетикалык кризистен чыгуу үчүн социалдык тармакты, жеке соодагерлерди, тиричилик керектөөчүлөрдү бул тармакка тартуу абдан маанилүү деген пикирин билдирген. 

Апрель-октябрь айларында электр энергиясын керектөө лимити 10.4%га, тагыраак айтканда, 530 млн кВт саатка ашып кеткен. Андыктан энергетиктер ар бир керектөөчүнү бүтүндөй энергетика системасынын ишенимдүү иштешин камсыздоо үчүн электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырып келет.

Суу сактагычтагы суунун максималдуу деңгээли – 19.5 млрд куб метр, нормалдуу көлөмү – 17.3 млрд болсо, пайдалуу өлчөмү – 14 млрд куб метрди түзүшү керек.

Эске салсак, 2008-2009-жылдары Кыргызстан азыркыдай энергетикалык кризисти баштан өткөргөн. ЖМКдагы архивдик булактарга таянсак, андагы берилген маалыматтарга ылайык, суунун көлөмү 2008-жылы – 8.8 млрд куб метр болсо, бул көрсөткүч 2009-жылы – 9.4 млрд куб метрди түзүп, бир аз көтөрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Нарында курулуш ченемдерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Учкун айылында таза суу системасынын курулушунда техникалык талаптар толук сакталбаганы үчүн 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектте курулуш ченемдери жана техникалык регламенттер бузулгандыгы аныкталган. Натыйжада “Профит Экспресс” ЖЧКсына

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

“Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болду

3-июлда Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймактын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Садыр Жапаров, өкмөт өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана инвесторлор катышышты.  Президент бул аймак дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр жаңы бизнес борборлоруна суроо-талапты жаратып жатканда - эл аралык стандарттар инновациялар жана узак мөөнөттүү инвестициялар үчүн чыныгы

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда

Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген. Учурда “Бишкек