Назира Абдиева

Кыргызстандын каржы мекемелери 46 млрд сом киреше тапты

Кыргызстандын каржы мекемелери 46 млрд сом киреше тапты

Каржы сектору тогуз айда 46 млрд сом киреше алды, бул өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 11%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди. Кирешенин өсүшүнүн олуттуу бөлүгү банк секторуна (62%), микрокредиттик уюмдарга (17%), ломбарддарга (14%) тиешелүү. Финансы секторундагы уюмдардын чыгашалары бул мезгилде 7%га өсүп, 31

Бишкек – Дели – Бишкек чартердик аба каттамы ачылды, аны «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы ишке ашырууда

Бишкек – Дели – Бишкек чартердик аба каттамы ачылды, аны «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы ишке ашырууда

Ата мекендик жаңы «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Бишкек – Дели – Бишкек маршруту боюнча алгачкы каттамы учуп келди. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кабарлады. «Аэро Номад Эйрлайнс» жаңы ата мекендик авиакомпаниясынын Бишкек – Дели – Бишкек маршруту боюнча алгачкы каттамы учуп келди. Чартердик каттам 2021-жылдын 19-ноябрында Airbus А320 аба учагы менен ишке ашырылды.

ЕРӨБ аялдар жетектеген компанияларга 12 млн доллар насыя берет

ЕРӨБ аялдар жетектеген компанияларга 12 млн доллар насыя берет

Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) алдыдагы беш жылда аялдар башкарган компанияларды колдоого 12 млн доллар насыя берүүнү пландоодо. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев аялдарды Бүткүл дүйнөлүк ишкердиктин күнү менен куттуктоо учурунда билдирди. Аталган финансы институту ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнө аялдар жетектеген ишканалар үчүн 114 млн

КРнын кумшекери өлкөнүн керектөөсүнүн 50%ын гана камсыздайт

КРнын кумшекери өлкөнүн керектөөсүнүн 50%ын гана камсыздайт

Кыргызстанда кумшекерге болгон жылдык керектөө 100-110 миң тонна болсо, ички өндүрүш керектөөнүн 50-60%ын гана жабат. Өлкөнүн керектөөсүн толук камсыздоо үчүн кумшекер Россиядан, Белоруссиядан, Украинадан, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинет. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматтын басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстандын кант рыногу монополиялык түзүмдөн улам спецификалык структурага ээ. «Кайыңды

Facebook Кыргызстандагы саясий жарнамадан 161 миң доллар киреше тапты

Facebook Кыргызстандагы саясий жарнамадан 161 миң доллар киреше тапты

Facebook социалдык тармагы Кыргызстанда өткөн жылдын августунан бери саясий жарнамадан 161 миң доллар (азыркы курс менен 13.6 млн сом) киреше тапты. Бул маалымат Facebook жарнамалар бөлүмүндө чагылдырылган. Ал эми акыркы үч айда (2021-жылдын 21-августунан 18-ноябрына чейин) социалдык тармактын саясий жарнамадан түшкөн кирешеси 28 миң долларга жеткен (азыркы курс боюнча

«Центерра» Кумтөрдү басып алуу боюнча кыргыз бийлигин жоопко тартууга аракет кылат

«Центерра» Кумтөрдү басып алуу боюнча кыргыз бийлигин жоопко тартууга аракет кылат

Канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. (Кыргызстандын үлүшү 26.4%) «Кумтөр» кенин басып алуу боюнча кыргыз өкмөтүн жоопкерчиликке тартууга аракет кылат. Centerra Gold Inc. компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «Кумтөр» кенине байланыштуу айткандары боюнча билдирүү таратты. Анда компания кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүнү

КР Бишкек шаарын белорус автобустары менен камсыздоого кызыкдар

КР Бишкек шаарын белорус автобустары менен камсыздоого кызыкдар

КР Бишкек шаарын белорус автобустары менен камсыздоого кызыкдар. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу иретинде Ереван шаарына (Армения Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен жолугушуу учурунда айтты. Жолугушуу алкагында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактардагы кыргыз-белорус

Президент Баткен облусу боюнча «отчеттук» маек берди – канча млн кайда жумшалды

Президент Баткен облусу боюнча «отчеттук» маек берди – канча млн кайда жумшалды

Президент Садыр Жапаров Баткен облустук медиа борборуна маек куруп, облустун актуалдуу маселелери боюнча суроолорго жооп берип, ошондой эле бул аймакка бөлүнгөн каражаттар тууралуу кенен маалымат берди. Аталган маек «Баткен Медиа Борборунун» Фейсбуктагы баракчасында бүгүн, 19-ноябрда жарыяланды. Садыр Жапаровдун берген маалыматына ылайык, облуска бөлүнгөн каражаттар тууралуу төмөндө сөз болот. Сугат суу

Дыйкандар өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки затты КНСтен бошотууну сунушташты

Дыйкандар өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки затты КНСтен бошотууну сунушташты

Кыргызстандын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы өсүмдүк майын өндүрүү үчүн чийки затты 10 жылдан кем эмес убакытка кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотууну сунуштады. Аталган уюм бул демилгени Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин биринчи жыйынында көтөргөн. Ассоциация Кыргызстан өзүн өсүмдүк майы менен 25%га гана камсыздай ала турганын белгиледи. Кырдаалды жакшыртуу үчүн

Республикада көмүрдүн баасы бир айда 10%га кымбаттады

Республикада көмүрдүн баасы бир айда 10%га кымбаттады

Көмүрдүн чекене баасы республика боюнча 2021-жылдын 18- ноябрына карата октябрга салыштырмалуу орточо эсеп менен алганда 10.1%га жогорулап, анын бир тоннасы  5 706 сомду түздү. Бул тууралуу Улутстатком билдирет. Көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (бир тоннасы 10 039.9 сом), Баткен (бир тоннасы 9 718.8 сом) жана Исфана

«Альянс Алтын» каржылаган «Бакубат Талас» фонду таластыктарды көмүр менен камсыздоого жарым млн сом берди

«Альянс Алтын» каржылаган «Бакубат Талас» фонду таластыктарды көмүр менен камсыздоого жарым млн сом берди

«Альянс Алтын» каржылаган «Бакубат Талас» фонду таластыктарды көмүр менен каржылоого кайтарымдуу негизде жарым млн сом берди. Бул тууралуу Талас ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Өкүлчүлүктүн айтымында, калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу демилгесин облус башчысы Бакытбек Нарбеков көтөрүп, бул үчүн «Бакубат Талас» фондунан жеке ишкерге 557 миң 500 сом кайтарымдуу каражат

Бюджеттин киреше бөлүгүн салык жана бажы системасын толук санариптештирүү аркылуу жогорулатабыз – Акылбек Жапаров

Бюджеттин киреше бөлүгүн салык жана бажы системасын толук санариптештирүү аркылуу жогорулатабыз – Акылбек Жапаров

Жакын арада бюджеттин киреше бөлүгүн салык жана бажы башкаруу тутумун толук санариптештирүү жолу аркылуу жогорулатууну көздөп жатабыз. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуу учурунда айтты. Тараптар салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу