Назира Абдиева

18-октябрда Улуттук банк МКВларды кошумча жайгаштырууну жүргүзөт

18-октябрда Улуттук банк МКВларды кошумча жайгаштырууну жүргүзөт

18-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы 12 айлык мамлекеттик казына векселдерин кошумча жайгаштырууну жүргүзөт. Бул тууралуу аталган банктын сайтында жарыяланды. Баалуу кагаздардын кошумча чыгаруу менен бюджетке 100 млн сом тартуу пландалууда. Бир векселдин баасы 92.52 сом болот, кирешелүүлүк 8%ды түзөт. Кошумча жайгаштыруу параметрлери:  Эмиссиянын № GD052221017 Кошумча жайгаштыруунун   көлөмү (млн. сом)

2027-жылы «Бишкек+25» глобалдык саммитин өткөрүү демилгеленүүдө

2027-жылы «Бишкек+25» глобалдык саммитин өткөрүү демилгеленүүдө

2027-жылы «Бишкек+25» глобалдык саммитин чакыруу демилгеленүүдө. Бул тууралуу 12-октябрда Нур-Султан шаарында КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) Тышкы иштер министрлеринин 6-жолугушуусунда билдирди. Ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын учурдагы сессиясында «Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобунун» атынан кыргыз тарап 2022-жылды Эл аралык тоо

Дүйнөлүк банк КРга 60 млн долларлык инвестиция бериши күтүлүүдө

Дүйнөлүк банк КРга 60 млн долларлык инвестиция бериши күтүлүүдө

Дүйнөлүк банк менен болжолдуу түрдө 60 млн долларлык инвестицияга сүйлөшүүлөр аяктап калды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Баткен шаарында өтүп жаткан «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форумунун жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, негизги компонент айыл-чарбасына, чакан ишкерликке жумшалат. Эске салсак, азыр ушу тапта Баткен шаарында «Баткенди

Кыргызстанда инфляция 6.5%ды түздү – эң жогору баалар Жалал-Абадда байкалды

Кыргызстанда инфляция 6.5%ды түздү – эң жогору баалар Жалал-Абадда байкалды

Кыргызстанда январь-сентябрь айларында инфляция 6.5%ды түздү. Кызмат көрсөтүүдөн баштап тамекиге чейин бардыгы кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди. Алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баасы 9.8%га, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар – 7.4%га, азык-түлүк эмес товар – 6.4%га, тарифтер менен кызмат көрсөтүүлөр – 2.4%га кымбаттады.

КРда мигранттардын которгон акчалары негизинен биринчи муктаждыктарга жумшалат – Дүйнөлүк Банк

Кызыктуулар

КРда мигранттардын которгон акчалары негизинен биринчи муктаждыктарга жумшалат – Дүйнөлүк Банк

КРга мигранттар тарабынан которулган акча негизинен азык-түлүк жана биринчи муктаждыктарга жумшалат. Бул тууралуу бүгүн Дүйнөлүк банктын (ДБ) «Борбор Азиядагы пандемия жана жакырчылыкты жеңүү» онлайн-брифингинде, экономист, жакырчылык жана теңчилик боюнча аймактагы программанын менеджери Уильям Зейтц билдирди. Анын айтымында, дал ушул мигранттардын акча которуулары Кыргызстанга жакырчылыктын деңгээлин жогорулатпоого жардам берген жана бул

Сокулук районунда чакан ГЭС ишке кирди

Сокулук районунда чакан ГЭС ишке кирди

Сокулук районунда чакан ГЭС ишке кирди. Бул тууралуу да өлкө башчынын маалымат кызматы президент Садыр Жапаровдун Сокулук ГЭС-2нин ишке киришине байланыштуу өткөн иш-чарага катышканын билдирди. Сокулук ГЭС-2 1960-жылы пайдаланууга берилген. Бирок Советтер Союзу тарагандан кийин бул ГЭС консервацияланган жана 2007-жылы станцияны изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча негизги электротехникалык жабдуулар, ошондой эле гидротехникалык

Акылбек Жапаров өзү «олигарх эмес», бирок анын келинчеги кандай бизнес менен алектенет?

Акылбек Жапаров өзү «олигарх эмес», бирок анын келинчеги кандай бизнес менен алектенет?

«Сиз өзүңүздү олигархтардын катарындамын деп эсептейсизби?» деген суроону Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Кемелов Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго парламенттин жыйынында берди. «Мен олигарх эмесмин. Бизнес менен алектенбейм. Бизнести келинчегим жүргүзөт. Бир да жолу мамлекеттик тендерлерге катышкан эмес. Конфет алып-келип сатчу. Аткезчилик көбөйгөндөн кийин ал бизнесин да токтотту. Азыр алма өстүрөт.

10 миң фермерге 3 жылдык мөөнөт менен 1.5 миң доллардан насыя берилет

10 миң фермерге 3 жылдык мөөнөт менен 1.5 миң доллардан насыя берилет

ЖКнын жыйынында КР менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимдин долбоору жана «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорун каржылоо жөнүндө келишимге киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралып, ратификациялык мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында,

Бүгүн «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтүүдө

Бүгүн «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтүүдө

Бүгүн, 14-октябрда Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтүүдө. Форумдун ишине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, атамекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышууда. Бул иш-чара «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги

Акылбек Жапаров: «Кумтөрдүн» эсебинде 100 млн доллардан ашык каражат бар

Акылбек Жапаров: «Кумтөрдүн» эсебинде 100 млн доллардан ашык каражат бар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын эсебинде 100 млн доллардан ашык акча каражаты бар экенин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 13-октябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. Ал депутаттарга «Кумтөр» өндүрүштүк процесстерден улам август айын кошпогондо, туруктуу иштеп жатканын айтты жана пландалган көлөм жылдын аягына чейин аткарыларына убада

Жаңы Министрлер кабинети банк секторунда эмнелерди өзгөртүшү мүмкүн? – «РСК» же «Керемет» Өнүктүрүү банкына айланышы мүмкүн

Жаңы Министрлер кабинети банк секторунда эмнелерди өзгөртүшү мүмкүн? – «РСК» же «Керемет» Өнүктүрүү банкына айланышы мүмкүн

Жаңы Министрлер кабинети мамлекеттик банктардын бирин Өнүктүрүү банкына айлантышы мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 13-октябрда ЖКнын жалпы жыйынында белгилүү болду. Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров депутат Экмат Байпакбаевдин банк секторунда реформалар качан болоору тууралуу суроосуна жооп берип жатып, мамлекеттик банктардын бирин Өнүктүрүү банкына айлантса болоорун жана алардын уставдык капиталдарын көтөрүү маселеси

«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК ислам принциптерине ылайык иш жүргүзүү укугуна ээ болду

«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК ислам принциптерине ылайык иш жүргүзүү укугуна ээ болду

«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК ислам принциптерине ылайык иш жүргүзүү укугуна ээ болду. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады. КРнын Улуттук банкынын Башкармасы 2021-жылдын 13-октябрында  улуттук жана/же чет өлкө валюталарында «ислам терезеси» аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын жүргүзүү укугуна «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ачык акционердик