Ысык-Көлдө Тянь-Шань карагайларын массалык түрдө кыйып жатышат
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик карызды “жашыл долбоорлорго” алмаштырууну сунуштап, улуттук токойлорду калыбына келтирүү өнөктүгүн баштап жаткан чакта, Ысык-Көлдөгү токойлор кыйылып, жок кылынууда. Ecostan.kg Коомдук фонду Ысык-Көл облусунда карагайларды мыйзамсыз кыюу иштери кызуу жүрүп жатканын айтат. “Ал жерде эреже бузгандар жыл сайын негизинен Тянь-Шань карагайын жок кылышат. Бул дарак