Назира Абдиева

Аскар Акаев Кыргызстанга келет

Бүгүн 2-августта Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келет, бул тууралуу өздүк булактар билдирди деп жазып чыкты Sputnik. Sputnik сайтынын берген маалыматына таянсак, анын булактары билдиргендей, Акаев аэропорттон эле УКМКга суракка кетет. Бирок Мамлекеттик комитетте бул тууралуу азырынча расмий маалымат жок. УКМКнын басма сөз кызматы да биринчи президенттин келээри тууралуу маалыматы жок

КРда 22 миңге жакын коомдук уюм бар

Статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистринин (СББМР) маалыматтары боюнча 2020-жылдын аягына карата КРнын аймактарында 22 миңге жакын коомдук уюм катталган. Мындай маалыматты Улустатком берди. Коомдук уюмдардын эң көп саны Бишкек шаарында (34.2%), Ош жана Жалал-Абад облустарында (12.5%), ошондой эле Чүй облусунда (11.2%) катталган. 2020-жылы катталган коомдук уюмдардын жалпы

Бизнес президентти экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койбоого чакырат

Бизнес президентти экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койбоого чакырат. Бул тууралуу базарлардын, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын аткаруучу директору Артур Ташибеков бүгүн, 2-августта брифингде билдирди. Ташибеков мамлекет башчысын документти макулдашуу комиссиясына кайтарып берүүгө чакырды. Ал жерден эксперттер тобу, мамлекеттин жана калктын өкүлдөрү экономикага зыян келтирбей, пайда

«Стартап Кубок» Prosperity Cup түштүк аймактарында сынак жарыялайт – сапаттуу стартаптар гранттык колдоо алышат

«Аракетчил» жаштар долбоору Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын инновациялык жана санарип стартаптарынан «Стартап Кубок» Prosperity Cup боюнча арыздарды кабыл алууну жарыялайт. Бул тууралуу Accelerate Prosperity акселерациясынан билдиришти. «Стартап Кубок» Prosperity Cup Кыргызстандын түштүгүндөгү жаштар жана IT стартаптар менен иштөөгө багытталган. Үч жуманын ичинде колдонмо аркылуу тандалып алынган акселерациянын катышуучулары интенсивдүү

ОКӨФ каржылаган сүт заводунун өндүрүшү 5 эсеге көбөйөт

Орус-кыргыз өнүктүрүү Фонду каржылаган «Үй-бүлөлүк салттар» сүт заводунун өндүрүшү 5 эсеге көбөйөт. Бул тууралуу аталган Фонддон билдиришти. ОКӨФ азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, импортту алмаштырууга жана экспорттун өсүшүнө багытталган долбоорлорго ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Бул багытта кийинки кадам уникалдуу сүт азыктарын (40тан ашуун быштак, йогурт, ачытылган бышырылган сүт, сыр, май, сүт, балмуздак,

«РСК Банк» ААК Raiffeisen Bank International менен кызматташтыгын токтотту

«РСК Банк» ААК 2021-жылдын 1-августунан баштап RAIFFEISEN BANK INTERNATIONAL AG менен корреспонденттик мамилелерин токтоткондугун жана евро акчалары менен корреспонденттик эсептерин жапкандыгын маалымдады. Бул тууралуу маалымат аталган банктын сайтында жарыяланды. Raiffeisen Bank International – Австриянын ири банктык топторунун бири, кооперативдик банк. Штаб-квартирасы Венада жайгашкан.

Баткендеги контрабанда – КММны Тажикстанга жашыруун өткөргөн шланг табылды

Баткендин Лейлек районунда Тажикстанга күйүүчү-майлоочу майларды жашыруун өткөргөн шланг табылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди. Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн КММны сордуруучу шлангды Интернационал айылында аткезчиликке каршы иш-чаралардын жүрүшүндө табышкан. Ошондой эле чек арачылар КММны ташыган жүк ташуучу унаалардын

Россиялык чекене соода өкүлдөрү кыргыз продукциясына кызыкдар экенин билдиришти

B2B сессияларынын жыйынтыгында россиялык чекене соода өкүлдөрү кыргыз продукциясын жеткирүүгө кызыкдар экенин билдиришти жана тышкы соода келишимдерин түзүү боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүүгө макулдашышты. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады. Экспортчуларга колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 29-30-июлунда КРнын Экономика жана финансы министрлиги БУУнун Өнүктүрүү Программасынын «Борбордук Азияда соодага көмөктөшүү» долбоору менен биргеликте

Кыргызстан 50 млн долларлык инвестицияны жоготушу мүмкүн – Digital CASA долбоору ишке ашпай калуу коркунучунда

Кыргызстан Digital CASA долбоору үчүн келген 50 млн долларлык инвестицияны жоготуп алуу коркунучунда, анын 25 млн доллары гранттык каражаттар, 25 млн доллары жеңилдетилген насыя түрүндө бөлүнгөн. Бул тууралуу Economist.kg сайтына өздүк булактардан билдиришти. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган Digital CASA долбоору 2019-жылы ишке кирип, 2023-жылы аяктамак. Бирок, долбоорду ишке ашыруу

КРда бүгүнкү күндө AstraZeneca вакцинасын 1285 адам алган

Европа биримдигиндеги өлкөлөрдө AstraZeneca вакцинасын болжол менен 49 млн адам алган, ал эми Кыргызстанда бүгүнкү күндө AstraZeneca вакцинасын 1285 адам алды. Мындай маалыматты Минкабинеттин басма сөз кызматы маалымдады. КРга COVAX механизми алкагында, коронавирус инфекциясына каршы 226 миң 560 доза AstraZeneca вакцинасынын биринчи партиясы келди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз

КРга 1.25 млн доза өлчөмүндөгү Sinopharm вакцинасынын жаңы партиясы келди

КРга республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган 1 млн 250 миң доза өлчөмүндөгү коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm кытай вакцинасынын жаңы партиясы жеткирилди. Бул тууралуу Минкабинеттин маалымат кызматы билдирди. Министрлер Кабинети КЭРге COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө, ошондой эле вакцина сатып алуу маселесинде көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет. Министрлер Кабинети жарандарды өзүн

Таластагы Киров суу сактагычына ГЭС курулат

Таластагы Киров суу сактагычында ГЭС курулат. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаевдин Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында белгилүү болгонун аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министр долбоорду жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жеринде талкуулады. Ага ылайык, ГЭС 30 МВт кубаттуулукта болоору жана анын ишке кириши сугат