Кыргызстан Future Policy Award 2021 алтын сыйлыгына ээ болду
Химиялык заттарды жана таштандыларды коопсуз башкаруу жаатындагы баш мыйзам актылары Future Policy Award 2021 сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Аталган сыйлык көпчүлүк учурда мыкты саясаттын «Оскары» деп аталат жана ал химиялык заттардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс кесепеттерин минималдаштыруучу кыйла натыйжалуу саясий чечимдер